Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

АЗИЯ МАМЛЕКЕТТЕРИНИН АЛМАТЫ СЕКИРИГИ


Кубат Оторбаев 17-июнда Алматы шаарында Азиядагы өз ара байланыш жана ишеним чаралары боюнча кеңештин экинчи жыйыны өттү. Жыйырмага жакын мамлекеттердин өкүлдөрү катышкан бул жыйындын иши ушул эле күнү декларация кабыл алуу менен аяктады. Анда дүйнөдө болуп жаткан чыр-чатактарды тынчтык жолу менен гана чечүүнүн зарылдыгы жана аларды жөнгө салууда Бириккен Улуттар Уюмунун алдыңкы ролу белгиленет.

Жыйындын ишине буга чейин кыл чайнаша каршылашып, тирешип келген мамлекеттердин өкүлдөрү катышты жана саммитин кызыгы дагы алардын бир столго отуруп, пикир алмашканында болду. Атап айтканда Индия менен Пакистандын, Палестина менен Израилдин өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, чыр-чатактарды чечүүнүн жолдору, террорго, өзөктүк куралдарды жайылтпоо, талаш-тартыштуу аймактардын келечеги, манзаттарга каршы күрөшүү сыяктуу орчун-орчун маселелерди талкуулашты. Бул көйгөйлөрдү чечүүдөгү негизги роль дүйнөлүк саясатта Бириккен улуттар уюмуна жүктөлгөнү оң экени саммит кабыл алган декларацияда көрсөтүлдү.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин айтымында, мындай декларацияны кабыл алууга дүйнө жүзүндө болуп жаткан глобалдуу өзгөрүүлөр түрткү берди жана ал жараяндарга Азия аймагындагы мамлекеттердин көз караш, позициясы ушул декларацияда чагылдырылды.

Мындай уюмду түзүү демилгесин 1992-жылдын октябрь айында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев биринчи жолу көтөрүп чыккан болчу. Уюмдун башкы максаты - Азия аймагындагы коопсуздукту сактоо жана кызматташтыкты чындоо болуп эсептелет. Буга чейин мындай уюм бул аймакта болгон эмес.

Буга чейин уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери бир нече ирет жолугушуп, уюмдун уюштуруу багытындагы документтеринин долбоорлорун иштеп чыгышкан. Бул ирет уюмдун аткаруучу катчысы болуп Казакстандын өкүлү Жандос Асанов шайланды.

Жыйындын алкагында мамлекеттер аралык чыр-чатактарды мыйзамдуу жол менен жана салттуу эмес ыкмалар менен чечүү сунуштары айталды. Атап айтканда Израилдин вице-премьер-министри Шимон Перес чыр-чатактарды мамлекеттер ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу эмес, экономикалык байланыштарды чыңдоо аркылуу чечүү керек деген ойду айтты. Ал эми Палестинаны боштондукка чыгаруу комитетинин мүчөсү Мохаммад Ахмад Ауда палестин эли баскынчылык кунду баштан кечирип жатканын жана Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциялары аткарылбай жатканын белгиледи.

Иран Ислам Республикасынын атынан сөз сүйлөгөн бул өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Аббас Эракчи өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча келишимге болгон ишеним эгер Ирандын өзөктүк кубатты тынчтык максатка колдонуу укугунан ажыратса кете турганын билдирди:

- Иран бул келишимдин алкагындагы өзүнүн укугун толук колдонууну каалайт. Бул саясат ирандын аймагында энергияга болгон талаптын өсүп жатканы менен түшүндүрүлөт. Биз бул маселе боюнча Батыш менен сүйлөшүүгө даярбыз, бирок биз өз элибизди өзөктүк кубатты тынчтык максатка пайдаланбагыла деп тыя албайбыз.

Жыйында сүйлөгөн кытайдын президенти Ху Циньтао Азия аймагындагы элдерди тарыхы тереңде экенин жана бири-бири менен ар тараптуу кызматташуу аркылуу Азия элдери алдыңкы сапка чыгаарына ишенимин билдирди.

Орус президенти Владимир Путин террорго жана экстремизмге каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн жогорку денгээлдеги ар тараптуу кызматташтык керек деди:

- Ушундай шартта гана биз эларалык кылмыштуу топтордун жана баңгибизнестин катыгын бере алабыз.

Кыргыз президенти Курманбек Бакиев дагы террорго, экстремизмге каршы күрөшкө өзгөчө көңүл бурду. Ал Кыргызстан жакында эле 12-майда террордун эмне экенин Баткен аймагына Түркстан ислам кыймылынын өкүлдөрү чегараны бузуп ккирип келгенде баштан кечиргенин мисалга тартты. Кыргыз президенти террордун жолун торош үчүн чегарачылар тыгыз кызматташуусу керектигин белгиледи.

Жыйында баш-аягы болуп 19 мамлекеттин жана эларалык уюмдардын президенттери, премьер-министрлери жана өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Бул ирет уюмга Корея Республикасы жана Таиланд мүчөлүккө кабыл алынды. Уюмдун кийинки 3-саммити 2010-жылы өтмөк болду.

XS
SM
MD
LG