Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:28

СУУСУ ТАЗА ЖАЛАЛАБАТТА СУУ ТАРТЫШ


Жалалабад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө жашашкан беш жүздөн ашык адам жай саратанда ичүүчү сууга зар болуп отурушат. Мындай жагдайга тургундар жашаган беш кабаттуу имараттарга жанаша жайгашкан тамеки ферменттөөчү заводдун иштебей, токтоп калышы себеп болгон.

Жалалабаттагы Могол көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын мурда суу менен шаардагы тамеки ферменттөчү завод камсыздап келген. Аталган ишкана кудуретсиздикке учурап, токтогонуна беш жылдан ашты. Завод иштебегендиктен суу жабдуулары бузулган. Кыш мезгилинде эки айлап, жаз-жай айларында 1-2 апта суу чыкпай калчу болду.

Экинчи кабатта жашаган Умсунай Мамаюсупованын айтымында балдар да жер үйдө жашаган кошуналарынан суу сурап калды:

- Жер үйлөргө барып суу алабыз. Алар бир күнү киргизет, экинчи күнү киргизбей коёт.

Атын атоону каалабаган жер үй ээси суу сурагандардан тажап бүткөн:

- Күндүз келгенде суу беребиз. Ал эми алар түндө уктап атканда келишет сууга. Ошон үчүн суу маселеси кыйын болуп калды.

Суунун тартыштыгынан жашоочулар аны бош идиштерине толтуруп алышат. Чолпонай Абдыкалыкованын пикири боюнча суу түтүктөрү да иштен чыгууда:

- Кир жууп, жуунганда өчүп калабы деп коркобуз. Ысыкта канализациялар иштебегени абдан эле жаман экен.

Суу таңкыстыгынан тажаган 500дөн ашык жаран президенттик администрациядан тартып, жергиликтүү бийликтерге дейре кайрылышкан. Алар өз катында жугуштуу оорулар чыгуусу мүмкүн экендигин эскертишет. Кайрылуудан кийин банктарды уюштуруу, карыздарды реструктyризациялаштыруу агенттиги тамеки заводундагы суу жабдууларын ижарага алууну шаардык мэрияга сунуш кылган. Мэрия Могол көчөсүндөгү жашоочуларды суу менен камсыз кылуу милдетин шаардагы «Сууканалы» ишканасына жүктөгөн.

Мурдагы тамеки заводунда иштеген Зеби Курманова суу акысын жыйнайт, бирок, суу үчүн топтолгон акча электр жарыгына жумшалган 300 миң сомдук карыздын ондон бир бөлүгүн да жапбайт:

- Аракет кылыш керек. Арзаныраак бир нерсе курса болот беле. 14 млн. акча бөлүндү деп угуп атабыз. Азыр суу каналга берди, ремонтун кылып атат, жакындан бери эки жолу күйдү. Актабайт баары бир.

«Сууканалы» мекемесинин башчысы Исмаил Айсариевдин айтымында тамеки заводундагы суу түйүндөрүн ишканага өткөрүп алганда, суу маселеси чечилет:

- Муну ким карайт? Мамлекеттик агенттиктин каттоосу боюнча азыр муниципалдык жеке менчикке арендага беребиз деп атат. Бул маселени чечиш керек. Өкмөт баланска өткөрүп берсе, элдин муктаждыгын аткарат элек.

Шаар мэринин биринчи орунбасары Турдуназир Бекбоев тамеки заводдун суу жабдууларын тармактык ишканага өткөрүү жөнүндө өкмөткө кат даярдалып жаткандыгын билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG