Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

УЛУТ МАСЕЛЕСИНЕ АЯР МАМИЛЕ ЖАСАШ КЕРЕК


Кубанычбек Жолдошев, Ош Кыргыз-өзбек улуттарынын ортосундагы мамиленин оош-кыйыштары ушул аптанын этегинде Ош шаарында талкууланды.

Жолугушууда губернатор Жантөрө Сатыбалдиев Жалалабаттагы өзбек улуттук маданий борборунун өзбек тилине расмий тил макамын ыйгаруу боюнча талабы айтылгандан бери коомчулукта түрдүү пикирлер өкүм сүрүп келе жаткандыгын айтуу менен Оштогу кыргыз-өзбек интеллигенция өкүлдөрүнүн бул багыттагы ой-сунуштарын угууга ынтызар экендигин билдирди:

- Ушул жерде отурган интеллигенттер кыргыз менен өзбектин ынтымагын бириктирүүнүн ордуна буза турган болушту. Улутчулдуктун маселесине аяр мамиле жасайлы - дейт Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев

Андан соң өзбек коомчулугунун өкүлдөрү чыгып сүйлөшүп, көпчүлүгү кадр саясатында, билим берүүдө жана башка тармактарда чындыгында эле улут маселесин пайда кыла турган көрүнүштөр орун алып жаткандыгын айтышты. Абалды жөнгө салуу үчүн бийлик калыстыкты кармануу зарылдыгын белгилешти.

«ОшТВ» телеканалынын президенти Халилжан Худайбердиев болсо тил жаатында тиешелүү бийлик органдары тарабынан басым болуп жаткандыгын билдирди.

- Бийлик нейтралдуу болуш керек да. Учурда силер телеберүүлөрдү мамлекеттик тилде көп көргөзүшүңөр керек деген басым болуп жатат. Мындай аракеттерге кандай мамиле кылыш керек. Чоң эле саясатчылар парламенттин трибунасынан туруп кыжырданта турган сөздөрдү сүйлөп жатышат. Өзбек улутунан бийлик органдарына аз тартылып жатат, аларга да толук деңгээлде көңүл бурулушу керек дегендин эмнеси жаман. Түшүнүүчүлүк болуш керек да.

Жолугушуунун катышуучулары өзбек тилине расмий тил макамын ыйгаруу керек деген маселеге келгенде бирдей пикирлерин айтышты. Алардын көпчүлүгү мындай зарылчылыктын жок экендигин белгилеп өтүштү. Бирок өзбек коомчулугунун өкүлдөрү алардын өз эне-тилинде жазылган арыз-документтерди мамлекеттик органдар кабыл албай жатышкандыгын эскертип өтүштү.

Ош облустук жазуучулар кошуунунун төрагасы Абдирашит Урбаев болсо түпкүлүктүү калктын кызыкчылыктарын да сыйлоо маселесин көтөрдү:

- Өзбек туугандарга айтаарым, азыркы өткөөл мезгилде коомдогу абал туруктуу болбой жаткан учурда мындай маселени көтөрүп чыгуу бул элдин арасында ар кандай карама-каршылыктарды, ал турсун улуттардын ортосунда бирин-бири жек көрүү сезимдерин пайда кылып атат - дейт жазуучу Абдирашит Урбаев.

Жыйындын аягында улут маселесин курчутууга жол бербей турган иш-чараларды уюштуруп туруу жана кандай маселе чыкса да ачык-айкын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгеси көпчүлүк добуш менен бекитилди.

XS
SM
MD
LG