Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

«НУРБОРБОРДОН» «НУКУРА КЫРГЫЗГА» ЧЕЙИН «ТҮРК ДҮЙНӨСҮ»


(Өткөн аптанын маданий окуялары)

Мындан кийин мыкты калемгерлерге белгилүү акын, драматург Жоомарт Бөкөнбаев атындагы республикалык адабий сыйлык тапшырылып турмакчы. Алгачкы лауреаттык диплом, төш белги жана акчалай сыйлык «Нурборбор» коомдук бирикмесинде түзүлгөн комиссиянын чечими менен төрт калемгерге: сынчы адабиятчы Сарымсак Станалиев, котормочу, акын Эрнис Турсунов, сынчы публицист Советбек Байгазиев жана акын Муратбек Рысбековго тапшырылды. Сыйлыкты тапшыруу аземине маданият тармагында эмгектенген бир катар ишмерлер катышышты.

Сүрөтчү Тургунбек Касымбековдун жеке көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде ачылды. Ага сүрөтчүнүн жакындары, замандаштары, кесиптештери жана маданият министрлигинин өкүлдөрү келишти. Көрүүчүлөр көргөзмөдөн табияттын көрүнүштөрүн, айыл турмушун чагылдырган сүрөттөргө жана белгилүү тарыхый инсандардын портреттерине күбө болушту. Бүбүсара Бейшеналиева, Алыкул Осмонов, Шабдан баатыр жана башка белгилүү инсандардын сүрөттөрү, табият көрүнүштөрү чагылдырылган бул көргөзмө эки жумага созулмакчы.

«Нукура кыргыз» теледолбоорунун катышуучулары Ош облусуна жөнөп кетишти. Ар тармактан тандалып алынган 20 катышуучу он эки күн «Кайың» жайлоосунда болушуп, боз үйдө жашашат. Ал эми сынактын талаптары тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири «Сахна шоу» гезитинин редактору Айдай Чотуева буларды билдирди:

-Катышуучулар жайлоодо бээ саап кымыз кылышат, уй саап айран уютушат, улуттук тамак-аштарды жасашат, ошондой эле элдик оюндарды ойношот.

Үрп-адат, каада-салттарды даңазалоо, кыргыз элинин нукура жашоосун көрсөтүү максатында өткөрүлүп жаткан бул иш-чаранын айрым катышуучулары эмки жолу бул долбоорго башка улуттарды да катыштырыш керек деген ойлорун айтышты.

-Азыр биз сынакка катышып, үлгү катарында көрсөтсөк, кийинкисинде кыргыздын салттарын канчалык деңгээлде билесиң дегендей сөзсүз башка улуттардын да өкүлдөрүн тартыш керек.

Баш байгеси 100 миң сомду түзгөн бул теледолбоор көрүүчүлөргө август айынын аягында тартууланат. Ал эми улуттук телеканалдын «Маданият» бирикмесинин продюсери Ырыс Окенова аталган телекөрсөтүү тууралуу буларды билдирди:

-Бул теледолбоор кыргыздын үрп-адатын, салт-санаасын даңазалаган жакшы бир көрсөтүү болот деген ишенимдемин. Жөн гана баяндап берүү эмес, жарыштыруу ыкмасы менен болот. Ал эми көрсөтүүнүн ыкмасы буга чейин телекөрүүчүлөргө белгилүү болгон «Последний герой» программасындай болот.


Нарын жергесинде өткөрүлгөн облустук деңгээлдеги «Жаш таланттар» сынагында улуттук аспаптарда ойноо, кол өнөрчүлүк, Манас айтуу, айкелчилик, сүрөт, бий өнөрү жана башка номинацияларда баш байгени жеңип алган улан-кыздар жана «Назик» фольклордук тобу, «Шаттык», «Ак Бермет» бий ансамблдери Түркиянын Стамбул шаарында өткөн «Түрк дүйнөсү» аттуу он экинчи эл аралык фестивалга катышып келишти. Венгрия, Сирия, Болгария, Өзбекстан, Орусия, Иран жана башка өлкөлөрдүн таланттары катышкан бул фестивалда Кыргызстандан барган жаш манасчылар Сүйүнбек уулу Дастан, Токтосун уулу Эрлан жана элдик ырларды аткаруучу Шарипбек уулу Расул алтын медаль менен бирге дипломдорго ээ болушкан.

Жаш өнөрпоздор он эки күн Түркиянын билим берүү министрлиги тандаган үй-бүлөлөрдө жашашып, түрк балдары менен чыгармачылык тыгыз алакада болушкан.Ошондой эле өлкөнүн тарыхый жана маданий жайларын кыдырышкан.
XS
SM
MD
LG