«Арнамыс» партиясы оппозиция жөнүндөгү мыйзам долбоорун даярдап бүтүүнүн алдында турат. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматынан кабарлашты. Мыйзам «Кыргыз Республикасындагы оппозицияга жана оппозициялык ишмердүүлүккө укуктук кепилдиктер» деп аталат. Ал 29 беренеден турат. Долдоордо расмий түрдө оппозицияга өткөн саясий күчтөргө мамлекеттик маалымат каражаттарынан орун берүү, алардын өкмөттүн жыйындарына катышуусуна укук берилиши каралган. Оппозиционерлерге ошондой эле «көмүскөдөгү» өкмөттү түзүп, расмий өкмөттүн ишине байкоо салуусуна, альтернативдүү сунуштарды киргизүүсүнө укук берилген.
Айданбек Акматов, Бишкек
Айданбек Акматов, Бишкек