20-июнда Бишкекке Кыргызстан менен Москва шаарынын өкмөттөр аралык комиссиясынын Москва тарабынын башчысы вице-мэр Анатолий Петров келет. Анын Бишкекте комиссиянын кыргыз тарабынын башчысы Өнөр жай, соода туризм министринин милдетин аткаруучу Медетбек Керимкулов менен биргеликте өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүшү күтүлүүдө. 21-июнда болсо Кыргызстанга Москва шаарынын мэри Юрий Лужков келет.