Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

18-ИЮНДА КАЗАКСТАН КОСМОСТУК ДЕРЖАВАЛАРДЫН КАТАРЫНА КОШУЛДУ


Казакстан 18 - июнда тунгуч спутник - жандоочун орбитага учуруп, космостук державалардын дүйнөлүк элитасына кошулду. Космостук аппарат телекөрсөтүүлөрдө, сателлиттик байланышта жана маалыматтарды Казакстанга коңшулаш өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга берүүдө пайдаланылат. Казакстан, премьер-министри Д. Ахметовдун билдиришинче, болочокто космоско дагы башка жандоочуларды учурмакчы.

Жекшемби күнү үрүл-баралда Байкоңур космодромунан көтөрүлгөн ракетага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Россия президенти Владимир Путин турнабайдан көз салып турушту.
“КазСат” деп аталган 65 миллион долларлык спутник – жандоочу орбитага Россиянын “Протон” ракетасынын жардамы менен учурулду.

Жердин орбитасындагы менчик жандоочу Казакстандын маалымат көзкарандысыздыгын камсыздайт. Ошондой эле “КазСат” коңшулаш Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Россиянын ортолук бөлүгүнө да маалымат берүүгө колдонулат, атүгүл Кытайга ижарага берилиши ыктымал.

-Сексен секунд жана “Протон” ракетасынын кыймылдаткычы нормалдуу иштөөдө, күйүүчү камерадагы басым нормалдуу... “КазСат” жандоочун (орбитага) жайгаштыруу аяктады.

Инженерлер Казакстандын биринчи менчик спутник- жандоочусу орбитадагы тийиштүү жайга чыгарылганын тастыкташкандан кийин Нурсултан Назарбаев менен Владимир Путин космостук операциянын ийгилиги үчүн тост көтөрүштү. Путиндин сөзүнчө, “КазСат” космосту изилдөөдөгү Россия –Казакстан ортосундагы кеңири кызматташуунун алгачкы үлгүсү:

-Биз космос мейкиндигин өздөштүрүүдөгү биргелешкен чоң долбоорду баштап жатабыз. Бул (долбоор)- теңорток илимий изилдөө иштерин, кадрларды даярдоону, тийиштүү байланыш системасын жана башкарууну түзүүнү да камтыйт.

“КазСат”- Казакстан үчүн жалгыз долбоор эмес. Өкмөт башчы Данияр Ахметов келечекте космоско дагы көптөгөн казакстандык жандоочулар учурулаарын билдирди. Ушул эле жерде “КазСат-2ни” куруу боюнча тендер чукул арада өткөрүлөөрү маалымдалды.

Президент Назарбаевдин айтышынча, болочокто учурулчу космостук жандоочулар Россиянын ГЛОНАС сателлит системасына бириктирилет:

- Биз ГЛОНАС системасы менен байланышкан эки даана “КазСат” жандоочусунун жана жаңы “Ангара” ракеталарын учуруучу жаңы жайдын курулушу үстүнөн иштейбиз. Бул деген Казакстан чындап космостук державага айланганын билдирет.

“КазСатты” курганга катар Россиянын Хруничев атындагы борбору 35 казак адисин жандоочуну башкарып-тейлегенге үйрөткөн.

Салмагы 1 тоннага жакын жандоочу-спутник, долбоор боюнча, Казакстан үчүн 12- 15 жыл космосто кызмат кылат.
XS
SM
MD
LG