Кыргыз-өзбек чегарасын тактоо иштери талаштуу аймактарга келгени иш дээрлик алдыга жылбай калганын эки тараптын өкүлдөрү тең белгилешүүдө. Сүйлөшүүлөрдөгү кыргыз тобунун башчысы Саламат Аламанов Наманганда бүгүн башталып жаткан жолугушууда талаштуу аймактар боюнча сүйлөшүү уланаарын билдирди:
- Чегарада талаш маселе көп болуп атат. Бул жолугушууда да тараптар өз аргументтерибизди бири-бирибизге келтирип, эгер бир пикирге келсек ошол чегара бөлүгүн дароо жазып коебуз.
Саламат Аламановдун айтымында, жалпысынан эки ортодо талаш туудурган 50 чакты аймак бар. Өзгөчө Өзбекстандын Кыргызстандагы анклавдарынын жана Кемпирабад суу сактагычынын тегерегинде талаштуу маселе арбын.
Чегара аймактары чиеленишкен Баткен облусунун мурдагы губернатору, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Шадиевдин пикиринде, чегара сүйлөшүүлөрүнүн минтип узакка созулушу кошуналарга караганда Кыргызстанга залакасы көбүрөөк тийиши мүмкүн:
- Акыркы учурда таптакыр эле жылбай калды. Кээ бир жолугушууларда бир чакырым да такталбаган учурлар болууда. Эгер минтип отурса чегара сүйлөшүүсү дагы бир канча жылдарга созулушу ыктымал. Бүгүнкү күндө Өзбекстанда да, Тажикстанда элинин саны өсүп жатат. Бизде болсо ички миграциялык жылыш жүрүүдө. Өзгөчө чегара аймактарындагы эл жумуш издеп башка жактарга жер которууда. Ушинтип отурсак келечекте биздин жерлерибизди кошуна өлкөлөрдүн атуулдары ээлеп алуусу мүмкүн.
Белгилүү коомдук ишмер Бегиш Ааматов чегара маселесине өзгөчө жергиликтүү бийликтегилер тарабынан жоопкерчиликтүү мамиле жасоо зарылдыгын белгилейт. «Жергиликтүү бийликтегилерди жогорку бийликтегилер угуп, алар менен эсептеше билиши керек. Антпей эле, Бишкектен баргандын баары билерман болсо жергиликтүү калктын ичи чыкпайт, ишенбестик пайда болот»,- дейт Бегиш Ааматов.
Өлкөдө жүрүп жаткан административдик реформанын алкагында кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Баткен облустук бөлүмү да жоюлуп кетти. Депутат Аскар Шадиев мунун натыйжасында чегара сүйлөшүүлөрүнө башынан бери катышып келаткан тажрыйбалуу адистер бул иштен четтеп калганын айтат:
"Мындан жалпы кыргыз эли уттурат.Өкмөттөгүлөр ушундай маанилүү маселени түшүнбөгөнү өкүнүчтүү. Бул деген биз Тажикстан менен Өзбекстанга кандайдыр бир жеңилдиктерди берип жаткандай таасир калтырат. Ошол жердеги адистерди четтетип койгондун ордуна биз алардын иштеп берүүсүн суранышыбыз керек".
Бул маселе жакында парламент жыйынында да козголуп, учурда чегараны тактоо иштери аяктаганча аталган агенттиктин облустук бөлүмүн кармап турууну өкмөткө сунуштаган атайын токтом даярдалууда.