Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

ТҮНДҮК УЮЛДА МУЗ ТЕЗ ЭРИП, АК АЮУЛАР ЖЕМСИЗ КАЛДЫ


Төрөкул Дооров, Прага. Америкалык жана канадалык окумуштуулардын кабарына караганда, түндүк Аляскадагы жана Канададагы ач эркек аюулар ургаачыларына кол салып, аларды жеп жатышат. Ошол эле учурда Орусиянын Чукотка деңизиндеги аюулар болсо айыл-кыштактарга жайылып, айрым учурларда адамдарга да кол салып жатканы маалым болду. Окумуштуулардын ишениминде, мунун баарына Арктикадагы муздун улам азайып баратканы себеп болуп жатыптыр.

Жылуу жай мезгилинин узакка созулушу ак аюулар үчүн бир гана несени түшүндүрөт – демек, быйыл жем аз болот.

Өзү бул аймактагы аюулар негизинен музду сүйгөн тюлендерди жеп, же морждордун жана башка өлүп калган деңиз жаныбарларынын калдыктары менен күн көрүшөт. Бирок соңку 20 жылдан бери Арктикадагы муздун көлөмү улам азайып бараткандыктан, деңиз жаныбарлары да музга чыкпай калышты. Азыр бул жакта муз, 1970-жылдардагыга караганда, эки жарым аптага мурдараак эрий баштайт. Демек, ауюларга кыштоо үчүн чээнге киргенче жетиштүү тамактын запасын камдап калууга да убакыт тар.

Стивен Эмструп - Кошмо Штаттардын Аляскадагы Геологиялык изилдөө уюмунда ак аюулар долбоорунун лидери. “Аюулар кыштан аман-эсен чыгып алышы үчүн аларга көп муз керек” дейт ал.

- Деңиздеги муз барган сайын азая бергендиктен мурдагыдай эле деңиз жаныбарларына мергенчилик кылып жан багуу аюулар үчүн татаал болуп калганына ишенесиң, - дейт окумуштуу.

“Полярдык биология” деп аталган журналдын соңку санында Эмструп жана анын кесиптештери 2004-жылы түндүк уюлдук үч аюу адамдарга кол салып гана жан сактап калганын жазып чыгышты. Өзү, адатта, ак ауюлар кээде олжосун талашып, бири-бирин өлтүрүп да коюшу мүмкүн экендиги менен белгилүү. Бирок Эмструп анын 24 жылдык изилдөөсү учурунда бир да жолу тамак үчүн бири-бирине кол салган ак аюуларды көрбөгөнүн айтат.

- Түндүк уюлда жашаган ак аюулар деле, башка аюуларга окшоп, кээ-кээде бири-бирине кол салып тураарын билебиз. Алардын эркектери, адатта, бири-бири менен өтө катуу салгылашышат. Кээде алар ал кагылышууларда жаракат алышса, айрымдары өлүп калышы да мүмкүн. Мындай учурларда жеңген аюу өлгөнүн жеп койгон учурлар көп. Көбүнчө муну алардын карда калган издеринен көрсө болот, - дейт Эмструп.

Бирок ак аюулар ич-ара эле эмес, кээде адамдарга да чабуулга чыккан учурлар бар. Дагы бир америкалык изилдөөчү Чарли Жонсон бир нече жыл Чукотка облусунда деңиз боюнда изилдөө өткөрүп келген. Анын айтымында, Аляскада ак ауюлар акыркы жолу адамга 20 жыл мурда кол салган. Бирок соңку кездери деңиз боюнда адамдар жашаган айылдарга ууга чыккан ауюлардын саны көбөйүп кетти.

- Бул, дегинкисинде, дайыма эле болуп келген деңизчи, бирок соңку жылдары муз тез эрип бараткандыктан аюуларга тамак азайып, эми алар адамдар жашаган жерлерге көп келе башташты. Бул өтө проблемалуу маселеге айланып баратат.

“Быйыл жок дегенде Берингово деңизинде муз жакшы болду. Демек, түндүктө жашоочу муруттуу, азуулуу сүт эмүүчү деңиз жаныбарлары да музга чыгышат. Мунун өзү ак аюулар үчүн ууга чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт ко, анан алар кышка дурусураак запас топтой алышат ко деген үмүт жаратат” деп кошумчалайт изилдөөчү Чарли Жонсон.
XS
SM
MD
LG