БИШКЕК. Экс-губернатор өткөн ишембиде милиция кызматкерлери тарабынан Баткен облусунда кармалып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кийлигишүүсү менен баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, бошотулганын бүгүн ички иштер министрлигинен кабарлашты. Мамат Айбалаевге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган», «бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз жумшаган» деген беренелер боюнча айып тагылып, облусту жетектеп турганда мамлекетке 4812314 сом зыян келтиргени айтылууда. Ал эми Мамат Айбалаев коюлуп жаткан айыптар негизсиз экенин, алар боюнча башкы прокуратура тарабынан буга чейин эле текшерүүлөр жүргөнүн бүгүн «Азаттыкка» билдирди.
Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев коррупциялык иштерге тиешеси бар деп айыпталууда