БИШКЕК. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты, коррупцияга каршы күрөш боюнча парламенттик комиссия төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, сотко чейин майда-чүйдө гана иштер жетип, жыйынтыгы жок болуп калды. Ушул жума күнү аталган комиссия буга чейин жасаган иши боюнча парламентке маалымат бермекчи.