Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН АДАМ УКУКТАР БОЮНЧА ЖАҢЫ ТҮЗҮЛГӨН КЕҢЕШИНИН ИШИ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Женева шаарында Бириккен Улуттардын Адам укуктар боюнча кеңешинин биринчи сессиясы башталды. Бул Кеңеш мурдагы Адам укуктар боюнча комиссиянын ордуна түзүлгөн, бирок анын ишинде дагы көптөгөн кыйынчылыктар болоору күтүлүүдө.

Бириккен Улуттардын Адам укуктар боюнча мурдагы комиссиясына ар башка мамлекеттер кезек менен жана квота боюнча мүчө болуп шайланчу жана, мисал үчүн, 2001-жылы ага АКШ мүчө болбой калган, ал эми Африканын Судан мамлекети мүчөлүккө шайланган. 2003-жылдын апрелинде болсо Комиссияга мүчө болуп Куба киргенде АКШнын өкүлү ага каршылык билдирип, Бириккен Улуттардын Экономика жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынынан чыгып кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Комиссиянын ордуна жаңы Кеңеш түзүүнүн шарттары аныкталды, Вашингтон ал шарттарга каршы чыкты, анткени мүчө-мамлекеттер кайрадан эле квота боюнча аныкталды жана АКШ Кеңештин мүчөлүгүнө шайланбай калды.

Комиссияга мурда 53 мамлекет мүчө болуп кирчү, азыркы Кеңеш 47 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турат, ага шайлоо үстүбүздөгү жылдын 9-май күнү өткөрүлдү жана, мисал үчүн, Азербайжан, Кытай, Куба, же Сауд Арабия сыяктуу мамлекеттер шайланды, Вашингтон болсо бул өлкөлөрдү адам укуктарын бузгандыгы үчүн сындап келет.

Ошондуктан, АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Жон Болтондун пикиринде, жаңы Кеңештин ишти алгылыктуу алып кетээринен күмөн санаса болот: "Кеңешке мүчө-мамлекеттерди шайлоонун ишенимдүү механизми иштелип чыкпагандыктан, биз аны түзүү боюнча резолюцияга кошула алган жокпуз. Кабыл алынып жаткан чечимдер ишеним жаратпагандыктан, жаңы түзүлүп жаткан Кеңеш мурдагы Комиссиядан жакшы болот деп күтүү кыйын", - дейт Болтон.

Анткен менен Кеңештин макамы көтөрүлдү - мурдагы Комиссия Бириккен Улуттардын Экономика жана социалдык маселелер боюнча комитетине баш ийген болсо, азыркы Кеңеш - уюмдун Жалпы Ассамблеясы менен тикелей иштешип, Ассамблеянын сессиялардында отчет берет. Анын мүчө-мамлекеттери дагы Комитетте эмес, Жалпы Ассамблеянын сессиясында шайланууда.

19-июнда Женева шаарында Кеңештин биринчи жыйыны башталды жана анда Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан чыгып сүйлөп, жаңы уюм мурдагы Комиссиянын жетишкендиктерин улантып, кемчиликтерин жоюуга тийиш деп билдирди: "Жумуш өтө турган алдыдагы апталар жана айларда сиздер өтө маанилүү иш жүргүзөсүңөр. Мен силерди - алдыга коюлган асылзат максатты эстен эч качан чыгарбоого чакырам, Кеңештин ишинде саясий упай топтоо же майда-барат маселелерге батып кетпөөгө үндөйм", - деди Аннан 19- июнда.

Кеңештин биринчи сессиясы 30-июнга чейин уланат, аны - Бириккен Улуттардын адам укуктар боюнча жогорку комиссары Луиз Арбур башкарууда. Мурдагы Комиссия жылына бир гана жолу сессия өткөрчү, азыркы Кеңеш бир жылда үч сессияга чогулат.

XS
SM
MD
LG