Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

ЕККУнун ЭЛЧИСИ МАРКУС МЮЛЛЕР : «ДЕМОКРАТИЯ ЭКОНОМИКАСЫЗ ӨНҮКПӨЙТ»


Чолпон Орозобекова , Бишкек Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги элчиси Маркус Мюллер демократия экономикасыз жашай албайт деген пикирде. Революциядан кийинки Кыргызстанда экономикалык өсүш жоктугуна кайгырат, бирок демократиялык өнүгүү жагынан Кыргызстанды Борбор Азия аймагындагы авангард деп эсептейт.

- Маркус мырза, өкмөт башчы Феликс Кулов күзүндө Фергана өрөөнүндө куралчан экстремисттик топтор улут аралык чатак чыгарганга каракет кылат деп билдирди. Ушундай тынчсызданууга негиз бар деп ойлойсузбу?

- Премьер- министр ушундай деп айткандан кийин, балким, анда ушундай айтууга далилдер бар. Мен ага эчтеке деп кошумчалай албайм. Фергана өрөөнүндөгү Тажикистан, Кыргызстан, Өзбекстан өңдүү мамлекеттер коопсуздук жагынан коркунучтардын баарын түшүнүп турушат деп ойлойм. Ошондуктан ички иштер органдары, коопсуздук кызматы жана башка күчтөр бул багытта иш- аракеттерди жүргүзүп жатат деп ишенем. Дүйнө жүзүндө агрессиялык аракеттерди жасап келаткан экстремисттик күчтөр бар. Ошондуктан Борбор Азия мамлекеттери биргелешип мындай террорчул аракеттерге каршы чараларды көрүшү керек.

-Кыргызстандагы айрым эл аралык эксперттер Кыргызстан мамлекеттүүлүүгун сактап кала алабы деген сыяктуу коркунучтуу ойлорду да айткан учурлар бар. Кыргызстанда азыр чындап эле коркунучтуу кырдаал түзүлдүбү?

- Мен эксперттин мындай ойлору менен макул эмесмин. Балким азыр биз салыштырмалуу анча стабилдүү эмес кырдаалда жашап атабыз. Эгер бир жыл мурдагыга салыштырсак азыр бир кыйла абал жакшырды. Өкмөт азыр ар кандай саясий күчтөр менен диалог зарыл экенин аңдап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат. Бирок кыргыз экономикасы эл аралык инвесторлор ишеним көрсөтө алгыдай, сырттан каражат келгидей деңгээлге жете албай атат. Биз үчүн өлкөдө карапайым калктын жашоо- турмушу оңолушу өтө маанилүү. Демократия өз алдынча эле жашай албайт. Анүчүн экономика стабилдүү болуп, жакыр элдин жашоо- турмуш деңгээли көтөрүлүшү керек.

- Реформалар үчүн кыймылы революциядан бери эчтеке өзгөргөн жок деп сындап атат. Кандай деп ойлойсуз, азыркы бийлик кандайдыр бир жылыштарды жасаганга үлгүрдүбү? Айрыкча коррупцияга каршы күрөшүү, сот бийлигин реформалоо өңдүү багыттарда.

- Бүгүнкү күндө ички иштер, прокуратура жана сот тармактары реформага муктаж экенин ар бир атуул түшүнүп турат. Бул тармакта коррупция күчтүү экенин баарын билишет, президент да, өкмөт да бул жакта олуттуу маселе бар экенин моюнга алышат. Президент, өкмөт жана парламент реформалардын ичинен коррупцияга каршы күрөштү улуттук максат катары көрсөтүп чыгышкан. Тилекке каршы, бул маселени чече турган реалдуу куралдар жок. Бир сөз менен айтканда, көйгөйдү түшүнүү, моюнга алуу бар, бирок ага каршы күрөшүүнүн программалары жок. Ал эми оппозиция дүйнө жүзүндө болуп келген жана болот. Анын сындоого болгон укугу менен катар жоопкерчилиги да бар. ЕККУ оппозицияны же өкмөттү жактоодон алыс. Биз маселени чечүүнүн практикалык жолун тапкан жана диалогго алып келген саясий күчтөрдү колдойбуз. Кыргызстан болсо ушундай саясий диалогдор мүмкүн болгон, Борбор Азия аймагындагы демокартиялык авангард мамлекет бойдон калууда.

- Экс-президент Аскар Акаев Кыргызстанды “демокартия аралчасы” деп атаганды жакшы көрчү эле. Азыр Борбор Азиядан кайсы өлкөнү ушундай деп атай алат элеңиз.

- Мен Кыргызстан демократияга карата туура жолдо баратат десем туура болот го. Бул өлкө өз жолу менен өнүгүп келатат. Бирок чечимдерди кабыл алууда жеке саясий, тарыхый, жана маданий традицияларын пайдаланууда. Бул жерде кимдир бирөө Батыштын элементтерин көрүшү мүмкүн. Кыргызстан демократиялык өнүгүү жолунда Батыш жана кыргыз элементтерин пайдалануу менен алдыга жылып баратат. Мен азыркы күндө да бул багытта оптимисттик маанайда турам.

- Мен өзбек качкындарынын тагдыры тууралуу сурайын деп турам. Жогорку сот төртүнчүсүнө да качкын макамын берүүдөн баш тартты. Кандай дейсиз, кыргыз бийлиги акыр бул адамдарды өзбек бийлигинин колуна салып бергени турат окшойт.

- Кандай болгон күндө БУУнун, ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын позициясы ачык айкын. Ар бир өлкө өзү кол койгон эл аралык нормаларды сыйлайт. Мен качкындар боюнча жана кыйноолорго каршы конвенциялар тууралуу айтып жатам. Кыргызстан БУУга мүчө мамлекет катары ал документтерге баш ийиши керек, кыргыз өкмөтү болсо муну жакшы билет. Улуттук кандай мыйзам болбосун эл аралык нормалар жогору турат деп айткым келет, андыктан төрт өзбек качкыны Өзбекстанга кайтарылбашы керек. ЕККУда мындан башкача ой болушу мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG