Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

БИЛЛ ГЕЙТС СООПЧУЛУК КЫЛУУ ИШИНЕ БАШ ОТУ МЕНЕН КИРИШКЕН ЖАТАТ


Майкрософт фирмасынын негиздөөчүсү Билл Гейтс дүйнөдөгү эң бай адам болуп саналат. Ал мындан 12 жыл мурда аялы Мелинде менен Бил Гейтс деген корду негиздеген. Бул кордун казнасында 29 миллиард доллар бар жана ал дүйнөдөгү эң бай соопчулук кору болуп саналат. Өткөн бейшембиде Бил Гейтс "жеке турмушундагы көздөгөн максаттарын" кайра караштырып жаткандыгын жарыялады. Ал эки жылдан кийин Майкрософттогу күнүмдүк ишин токтотуп, соопчулук коруна артыкчылык бере тургандыгын билдирди. Бул Гейтстин соопчулук коруна гана эмес, башка филантропиялык уюмдардын ишмердүүлүгүнө да зор таасир тийгизет дейт "Филантропия хроникасы" аттуу басылманын баш редактору Стейси Полмер.

Полмер: Менимче, зор таасир тийгизет, себеби Гейтс кордо көбүрөөк болуп, жасала турган иштердин улам жаңысын көрөт, демек өз акчасынан тышкары, көбүрөөк убактысын жана акыл күчүн жумшамакчы. Акчасы менен катар, убактысын да соопчулукка көбүрөөк жумшай баштайт.

Азаттык: Гейст кору кайсы багыттарга артыкчылык берчү, мындан ары кандай өзгөрүү болот?

Полмер: Гейтс көп багыттарда иштеп келатат. Ал дүйнөлүк саламаттык тармагында көп нерселерди бүтүрдү. Бул анын сүйүктүү тармагы экенин билебиз. Ошол эле убакта ал билим берүү сыяктуу тармактарга да көңүл бурат. Анын ичинде Кошмо Штаттарында билим берүүнүн абалын жакшыртууга көп күч жумшады. Менимче, ал ушул багыттардагы иш-аракеттерин уланта берет.

Соңку кездерде ал акча таркатуу менен чектелбестен, өкмөттүк саясатка да таасир этүүгө далалаттанууда. Коомду жакшыртууга өкмөттөрдү жана ишкерлерди тартууда анын абройу өсөт деп ойлойм.

Азаттык: Бардык күч-аракетин соопчулук коруна жумшаса, Гейтсдин жалпы эле соопчулук чөйрөсүндөгү таасири да өсөт деп ойлойсузбу?

Полмер: Ооба, анткени соопчулук ишине көбүрөөк аралашкан сайын, ал кошумча шериктерди издөөгө нажбур болот. Акчасы саман болсо да, ал аркалаган проблемаларга салыштырмалуу, баары бир ошол эле өкмөттүкүнө салыштырганда каражаты аз экендигине көзү жетет. Ошондо ал башка корлор менен кызматташууга көбүрөөк аралашат. Мындан тышкары, Гейтс ар дайым башкаларды соопчулукка шынтандырчу, ошондуктан эми ал бүт убактысын соопчулукка сарпташы башкалардын да мындай иштерге киришүүсүнө түрткү болот деп болжолдоо мүмкүн.

Азаттык: Сиз Гейтстин акыл күчүн сөз кылдыңыз. Гейтс соопчулукта жаңыча мамиленин жаралышына салым кошот деп ойлойсуңарбы?

Полмер: Ооба, колундагы акчанын көлөмүнөн гана эмес, өзүңүр билесиңер ал турмушту өзгөртүү үчүн базар мамилелерин колдонууга катуу аракет кылып келет. Анын ичинде вакциналардын арзан сатылышына жетишти. Ал ушул өңдөнгөн дагы жаңы ыкмаларды ойлоп табат болуш керек. Ал жылбай жаткан иштерге жаңыча карап, соопчулук чөйрөсүндөгү кырдаалды жакшыртууга аракеттенет деп ойлойм.

Азаттык: Мындан 15 жыл мурда технология жаатындагы Гейтс өндөнгөн жаш жана бай ишкерлерди акчасын өздөрүнө гана коротот деп сындашчу эле. Гейтс соопчулук ишине эмнеден улам аралашты? Коомдук пикирден уламбы же өзү ошол жолду тандап алдыбы?

Полмер: Менимче, экөө тең болду. Ал соопчулук корун коомдук кысымдын күчөп жатканынан улам негиздеди. Ошол эле убакта бул иш анын турмушту өзгөртүү нийетине шайкеш келди. Ал тарыхта бизнесмен катары гана калбастан, адам баласына кызмат кылгысы да келет.

XS
SM
MD
LG