Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:34

ОШ - АДАМ САТУУГА КЫНЫК АЛГАНДАРДЫН ШААРЫ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаары сексуалдык жана эмгек кулчулугуна мажбурлаган эл аралык адам соодасынын буктурмасына айланып бара жатат. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгү мына ушундай тынчсыздануусун билдирген маалымат таркатты.

ЕККУнун Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Жерол Буйжу Ош шаары кийинки эки жыл аралыгында адам соодасынын курмандыктарын кабыл алуучу, кармоочу жана жөнөтүүчү шаардын расмий эмес макамын алууга жетишкендигин белгилеп өттү. Анын айтымында Тажикстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан азгырылган адам соодасынын курмандыктары Ош шаары аркылуу башка өлкөлөргө жөнөтүлөт:

- Биз атайын байкоого алган иликтөө иштерин жүргүздүк. Натыйжада айрыкча сексуалдык эксплуатация үчүн жаш кыздар, аялдар алдоо жол менен азгырылып жаткандыгы белгилүү болду. Мындай терс көрүнүштүн көп орун алып жатышынын бирден бир себеби эле жакырчылыктын деңгээлинин жогорулугу жана жумушсуздуктун көптүгү. Мындай абалдан пайдаланган уюшкан кылмыштуу топтор үчүн адам соодасы ири кирешелүү тармакка айланды. Буга жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан ачылып жаткан адам соодасы багытындагы айрым бир кылмыш иштери да күбө.

Изилдөөнүн жыйынтыктарына караганда, жылына Кыргызстан боюнча 4 миңден ашуун атуул адам соодасынын курмандыгына чалынат. Эксперттердин айтымында анын жарымынан көбүн өлкөнүн түштүк аймагынын тургундары түзөт. ЕККУнун адам соодасына каршы күрөшүү иштери боюнча эксперти Кудурат Каримов жылдагыга караганда адам соодасына байланышкан кылмыш иштери 2-3 эсе көп каттала баштагандыгын айтты:

- Ноокен районунан 54 адам Орусияга сатылып кетиптир. Ноокен районунда азыр иш козголуп жатат, тергөө жүрүп атат. Жакын арада биз барып киришебиз бул ишке.

Ал эми "Подруга" бей өкмөт уюмунун жетекчиси Таалай Абдраимов болсо, Ошто адам соодасына ыңгайланышкан эл аралык уюшкан кылмыштуу топтор менен кызматташкан жалган фирмалар болушу мүмкүн деп божомолдойт:

- Бул жерде кандайдыр бир чоң криминалдык топ аралашкан деп эсептесек болот. Убактылуу жашап жүргөн кыздардан сурасам, алар уюштуруп жүргөн Самарканддык аял кармалды деп айтышты. Ал аялдын Оштонбу, Анжиянданбы криминалдык топ менен жеке байланышы бар экен.

ЕККУнун Оштогу өкүлчүлүгү адам соодасын алдын алуу багытында атайын ири долбоор ишке киргизилип жаткандыгын жарыялады.
Куржундар
XS
SM
MD
LG