Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

КРЕМЛЬ ОРУСИЯДАГЫ УЛУТЧУЛДУКТУ ӨЗҮНҮН САЯСИЙ АТААНДАШТАРЫНА КАРШЫ САЯСИЙ КУРАЛ КАТАРЫ КОЛДОНУУДА


Төрөкул Дооров, Прага Соңку жарым жылда Орусияда башка улуттар менен диндегилерди көралбастыктан чыккан кылмыштардын саны кескин өсүп кетти. Айрым байкоочулар “Өлкөдө улам күчөй баштаган ксенофобияны Кремль өзүнүн саясий атаандаштарын эпке келтире турган курал катары колдонуп жатат” деп ойлошот. Бул өзү жаңылык эмес. Советтер Союзунун тушунда деле айтылуу КГБ саясий оппоненттерин фашизмдин, антисемитизмдин коркунучу менен өзү каалагандай башкарып турган. Азыркы орус президенти Владимир Путин ошол эле КГБнын офицери, демек, бул өңдүү методдор менен дурус эле тааныш.

КГБнын эң белгилүү операцияларынын бири 1960-70-жылдардагы “Көк бөрүлөр” деген аталышта таанылган иш болду. Анын максаты Советтер Союзунун ичиндеги диссиденттерди колдоп турган Балтия аймагындагы саясий эмигранттар менен жөөт коомчулугуна каршы аракеттенүү эле. Анткени алар биригип калса, Совет бийлигине каршы иштерди көрүшмөк деп эсептешкен.

Бул үчүн КГБ Балтия өлкөлөрүндөгү өзүнүн ишенимдүү адамдары аркылуу 1939-жылы Кызыл Армия регионду оккупацияга алганы жөнүндө НКВДнын айрым документтерин тарката баштаган. Ал документтерде НКВДда иштеген кээ бир жөөт-офицерлердин аттарына КГБ өзгөчө басым жасай баштайт. Максат – муну менен балтиялыктар арасында антисемитизм маанайын күчөтүү болчу.

Ошол эле учурда КГБнын Батыштагы “жашыруун жардамчылары” Советтик армия таап алган фашисттик документтерди жөөт коомчулуктары арасында акырын тарката баштайт. Ал документтерде Холокостто катышкан айрым балтиялыктардын аттары аталат. Мына ушундай аракеттер аркылуу КГБ жөөттөрдү балтиялыктарга, балтиялыктарды болсо жөөттөргө каршы кайрап турган. Бул өңдүү дагы көптөгөн методдор колдонулуп келди.

Бүгүн болсо Кремль расисттик толкунду өз пайдасына колдонуу үчүн ушул өңдөнгөн эле ыкмаларды иштетип жатканы байкалууда. Расалык көралбастыктан жасалган кылмыштар тууралуу кабар Кремль көзөмөлүндөгү маалымат каражаттарынан утуру айтылып турат. Анын үстүнө чет-өлкөлүктөргө каршы кандай гана оор кылмыштар болбосун, алар иликтенип бүтө электе эле милиция аны “расалык көралбастыктан” келип чыккандай өңүттө баасын бере баштайт.

Гурген Саакиян өзү армян улутунан, азыр орус атуулдугун алып көптөн бери Орусияда жашап жүрөт. Анын оюнда, орусиялык саясатчылар улам эле улутчулдук маселесин көтөрүп, аны машакаттуу проблемага айландырып салышты.

- Орусиядагы бүгүнкү саясий жагдай жана маалымат каражаттары өздөрү да бул тема улам көтөрүлүшүнө жакшы шарт түзүп жатат. Болгондо да улутчулдук жөнүндө сөз кеткенде орус элинин турмушундагы жетишсиздиктер ушунун айынан болуп жаткандай сезим калтырат. Мунун айынан айрым орус улутундагылар өздөрү өлкөсүндө жаман жашаганын жана башка проблемаларын башка улуттагылардан көрө башташты, - дейт орусиялык армян Гурен Сакиян.

Февралда орус парламентиндеги көпчүлүк орунду ээлеген “Бирдиктүү Орусия” партиясы 11 башка партия менен бирге айтылуу антифашисттик пактка кол коюшту. Ошол партиялардын арасында, адатта, президент Путинди колдоп келген либерал-демократиялык ЛДПР партиясы жана оңчулдардын СПС партиясы да бар эле. Ал эми “Яблоко”, “Родина” жана коммунисттик партия ал документти “фарс” деп атап, ага кол коюудан баш тартышкан. Анткени алар ошол акцияга катышып жаткан Владимир Жириновскийдин жетекчилигиндеги ЛДПРди ачык эле улутчул маанайдагы партия деп билишет.

Арадан бир ай өтүп-өтпөй, март айында, Путиндин саясатын жактаган жаштардын “Наши” деген кыймылы өзүн “антифашисттик” деп жарыялап, ал эми ага саясий атаандаштыкта тургандарды “фашисттер” деп атаганы бар.

Айрым байкоочулар мунун баарын Кремль атайылап чет-мамлекеттерге Орусия тууралуу дал ушундай маалымат берүү үчүн жасап жатканын айтышат. Анткени чет-өлкөлөрдө “Чын эле Орусияда күчөп бараткан улутчулдукка каршы Путиндин администрациясы гана күрөшүп аткан экен” деген ой калышы керек.

XS
SM
MD
LG