Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

КЫТАЙ АЙГА КОСМОСТУК КЕМЕСИН УЧУРАТ


Төрөкул Дооров, Прага Кытайдын космостук агенттигинин ырасмий өкүлү Лонг Лехао өлкө 2024-жылы айга космостук кемесин учурууну көздөп жатканын дагы бир ирет тастыктады. Алгачкы жолу кытайлык космонавт айга жакында эле, 2003-жылы, учканын эске алганда, эмки максат өтө эле тез коюлгандай. АКШ болсо мындан мурдараак, 2018-жылы айга кеме учурганы турат.

Кытай айга өз кемесин учуруунун деталдык программасын түзгөн. Анын негизинде барган сайын Кытай космосттук державалар ичинде алдыңкы орунду ээлеши керек.

“Кытайдын айга учуу программасынын башчысынын орун басары Лонг Лехао бул максат 2024-жылы ишке ашырылаарын билдирди” деп кабарлайт Гон-Конгдогу “Вен Вей По” деген гезит.

Алгач, 2003-жылы, биринчи жолу кытайлык космонавт айга учкан кезде кытайлыктар сүйүнүчтүн толкунунда “2020-жылы эле айга кемебизди учурабыз” дешкен эле. Эми ал план төрт жылга создуктурулду.

Лехао ушу тапта даярдыктар башталганын, айга космоноавттар менен кемени учурганга чейин, 2017-жылы, жөн эле адамсыз эле аппарат учурула турганын билдирди.

Бейжин космонавттар менен космостук кемени учурганда ал эч кандай кооптуу жагдайларга кабылбашы үчүн өтө астейдил иштелген программаны түздү. Ага ылайык, келерки жылдан баштап алгачкы аппараттар сыноо иретинде айга учурула баштайт. Беш жылдан кийин адамы жок эле космостук кеме айга жиберилип, кайра жерге кондурулат.

“Кытай белгисиз чуңкурга секиргенден көрө, бүт ишти жакшылап алдын ала текшерип алууну туура көрдү”, - дейт Илим жана Технология боюнча Императордук Коллеждин изилдөөчүсү Крис Карр.

- Ийгиликтүү сыналып бүткөн иштерге гана таянуу болуп жатат. Алгач жеңил иштер бүтүп, акырындап кыйындай берет. Бул өтө коопсуз аракет, ошол эле учурда кымбатка да түшөт, - дейт Крис Карр.

Ал эми космосту изилдөө боюнча лондондук окумуштуу Эндрю Котес баары бир робот менен адамдын катышуусундагы сыноолорду өткөрүүнүн деңгээли ар башка болоорун айтып, азырынча мактанууга эрте дейт.

- Адамсыз эле космостук кемени робот менен жиберүү жалпы космостук изилдөөнүн деңгээлин көтөрүү үчүн жакшы, бирок адамдын учушу баары бир башка. Анткени адам космоско учканда, биринчи кезекте кычкылтекти, сууну камсыздай турган шарттар болушу керек. Демек, космоско бир топ оор масса жиберилет, - дейт лондондук окумуштуу Эндрю Котес.

XS
SM
MD
LG