Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

ЖАПОНИЯЛЫК АСКЕРЛЕР ИРАКТАН ЖАКЫН АРАДА ЧЫГАРЫЛАТ


Нарын АЙЫП, Прага Жапония премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми 20-июнда атайын билдирүү жасап, Ирактагы жапониялык аскерлер июлдун аягына чейин өлкөдөн чыгарылат деп жарыялады. Токионун мындай аракетине Ирактын өкмөтү даяр болчу.

Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Жапония өз аскерлерин чет мамлекеттерге өз алдынча жиберген эмес жана 2004-жылдын башында Иракка 600 жапониялык аскер келгени - өлкөнүн 60 жыл ичиндеги алгачкы андай аракети болгон. Анткен менен өлкө коомчулугу аны катуу сынга алып келген жана премьер Дзюнитиро Коидзуминин чечими ошондой басымдын алдында кабыл алынды.

Анткен менен, премьердин айтымында, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине Жапония өз катышуусун улантат: "Биздин аскерлер Ирактан чыгарылып кеткенден кийин дагы биз Ирак өкмөтү, Америка Кошмо Штаттары жана Бириккен Улуттар менен мүмкүн болгон чекте кызматташууну улантабыз", - деди Коидзуми 20-июнда.

Өлкөнүн Коопсуздук кеңеши ошол эле күнү билдиргенге караганда, жапониялык аскерлер Ирактагы өз милдетин аткарып бүттү. Бирок Токио кошуна Кувейтке дагы аскер жиберген жана алардын аракеттери келерки айларда кеңейтилет, аларга негизинен Бириккен Улуттардын кызматкерлерин Ирактын ар башка аймактарына жиберүү милдети жүктөлгөн.

Жапониялык аскерлердин өлкөдөн кетээри алдын ала белгилүү болгон жана алар аракеттенген Ирактын түштүк аймактарындагы абалды өз көзөмөл алдына өлкөнүн өкмөттүк күчтөрү алаары тууралу Ирактын премьер-министри Нури Камил ал-Малики 19-июнда жарыялаган. Жапониялыктар ал жерде чыныгы аскерий аракеттерге эч качан катышкан эмес жана гуманитардык гана милдеттерди аткарган.

Азыр Иракта 150 миңге жакын чет өлкөлүк аскер бар, алардын 130 миңге жакыны америкалыктар, сегиз миңи Британиядан жана үч миңден аскер Италия менен Түштүк Кореядан келген. Бардыгы болуп Иракта 29 мамлекеттин аскерлери аракеттенет, бирок алардын көпчүлүгү бир нече жүздөн гана аскер жиберген, Литвадан болсо, мисал үчүн, 50 гана адам келген.

Британиялык аскерий эксперт Чарльз Хейман 20-июнда "Азаттыктын" кабарчысы Жеффри Донован менен маектешкенде, андай өлкөлөрдүн Иракка аскер жибергени негизинен саясий себептен болгонун белгиледи: "Бул мамлекеттер акыркы 40-50 жылда баштарынан оор заман өткөргөндөр. Эгемендүүлүккө жеткенден кийин алар өз коопсуздугуна негизги кепилдикти АКШ жана НАТО гана бере алат деп эсептейт, ошондуктан алар АКШ жана НАТО көрүп жаткан аракеттердин чегинде болууну көздөйт, андай мүмкүнчүлүктөрдүн бири - Иракка аскер жиберүү болчу", - дейт Хейман.

Анын айтымында, 600 жапониялык аскердин Ирактан кетип жатканы өлкөдөгү коопсуздукка көп деле таасир тийгизбейт, бирок жылдын аягына чейин Ирактан италиялык аскерлер дагы кетиш керек, Польшанын өкмөтү дагы коомчулуктун катуу басымы астында, ошондуктан башка мамлекеттердин аскерлери Ирактан чыгарылып кетип жатканы Вашингтонго сөзсүз саясий таасир тийгизет: "Менин оюмча, чет өлкөлүк аскерлердин Иракта бар болгону саясий жана дипломатиялык жактан маанилүү. Алардын өлкөдөн кетип жатканы АКШдагы коомдук пикирге - Вашингтон Иракта изоляцияда калып жаткандай таасир кылат", - дейт Хейман.

XS
SM
MD
LG