Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:50

ОРУС ПАТРИОТТУУЛУГУНУН ЖАҢЫ БЕЙНЕСИ


Баян Жумакадыр кыз, Прага Азаттык жана Эркин Европа радиолорунун кабарчысы, 90-жылдарда Россияда жашаган Роб Парсон Россияга 15 жылдан кийин кайтып келип, эки арада өткөн 15 жылдын ичинде Россиянын баш калаасы жана калкы кантип өзгөргөндүгүн сүрөттөйт. Экономиканын тездик менен өнүгүүсү, өлкөнүн мунай менен газдын ири экспортеруна айланышы калктын турмушун жакшыртып, адамдардын өзүлөрүнө болгон ишeнимин бекемдеди, бирок мунун баары Россияда ачык коомдун түзүлүшүнө өбөлгө боло албады.

Москваны азыр эбегейсиз чоң курулуш аянты менен салыштырса болот. Бир жерде көз жоосун алган жаңы имараттар пайда болуп жатса, дагы бир жерде өңү өчүп, эскилиги жеткен үйлөр уратылып, алардын ордуна жаңы соода борборлору, офистер жана расмий имараттар тургузулуп жатканын көрөсүң. Москванын акими Юрий Лужков шаардын бейнесин өзгөртүп, аны көптөгөн фонтандар, Париждикинен кем калбаган аллеялар, кафелер, соода борборлору жана эс алуучу жайлар менен кооздоодо. Москвага тегерек жаңы жол салдыруу менен шаар акими баш калаадагы траспорттун агымын азайтты. Мунун баары россиялыктардын жашоосу эле жакшырбастан, өзүлөрүнө болгон ишеними бекемдегенин айгинелейт, деп жазат Азаттыктын кабарчысы Роб Парсонс Москванын 15 жылда ушунчалык өзгөгөнүнө таң берип.

Бирок, анын пикиринде 15 жылга созулган конституциялык реформалардан кийин россиялыктар коомдун демократташуусунан анчейин пайда көрө албаган шекилдүү. Батыш серепчилери орус аскерлеринин Чеченстандагы өзүм билемдигин, адам укуктарынын тебеленип жатканын, маалымат каражаттары менен бейөкмөт уюмдардын кысмакталып жатканын айтып сындашат. Бирок жергиликтүү калк орун алып жаткан мындай көрүнүштөргө анчейин камтама болбогон өңдүү. Москвада журналисттердин конференциясына катышканымда россиялык кесиптештермдин укуктарынын кысмакталып, материалдары цензурага алынып жатканын угам дедим эле, бирок анча- мынча арызданууларды эсептебегенде, журналисттердин көбү Путиндин башкаруу ыкмасын макул алып жатканына күбө болдум, деп жазат Роб Парсон. Экстремалдык журналистика борборунун башчысы Олег Панфилов мындай көрүнүштү төмөндөгүдөй түшүндүрөт.

"Менимче Россиянын журналисттери өзүлөрүнүн укуктарын башка баалуулуктарга караганда төмөн койуп көнүшкөн. Алар үчүн негизги асыл-нарк,- бул акча. Мамлекеттик саясаттын өзгөрүүсү менен журналисттердин багыты да өзгөрүүдө. Аларды ким жөнүндө, жана ким үчүн жазып жаткандары кызыктырбайт. Акча төлөнүп турса эле болду",- дейт Олег Панфилов.

Ал эми дагы бир белгилүү россиялык журналист Николай Сванидзе россиялыктарды бул проблема кызыктырбаганын, эл ак-караны ылгап, өзү тандоодон көрө иш жүзүндө эмне болуп жатканына кызыгат, дейт. Муну Россиянын маалымат каражаттары берген жаңылыктардан эле байкаса болот, дейт Сванидзе.

Ал эми "Интерньюс Россия" аттуу бейөкмөт уюмдун башчысы Манана Алмазьян бул жылдардын ичинде Россия ачык коомго айланбастан, тескерисинче, кырс, сабырсыз болуп баратканын белгилейт. Жана мунун себептеринин бири-расизм менен улутчулдукту мамлекет колдоого алып жатканында. Тиликке каршы Россиянын патриоттуулугунун жаңы бейнеси мына ушундай, дейт Манана Алмазьян.

XS
SM
MD
LG