Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

ТҮРКМӨНБАШЫ “КУТУМЧУЛАРДЫ”, АЛАРДЫН “КУЙРУКТАРЫН” КАРМАДЫ


Түркмөнстандын бийликтери өлкөгө бүлүк салууну көздөгөн оппозициянын кутумдугу ашкере болгонун айтышууда. Улуттук коопсуздук министри пландалган бу “заговорго” чет элдик жарандар менен дипломаттар тартылган деп эсептейт. Кутумчулардын “куйругу” деп “Азаттык” радиосунун кабарчысын,анын үч баласын, укук коргоочу эки активистти камашты.

Бийликтер франциялык эки жаранды - Анри Томассини менен Бенжамен Морону түркмөн мамлекетине каршы кутумдук кылгысы келишкен деп айыпташты. Булардын бири Франциянын Ашхабаддагы элчилигинде маданий атташе болуп иштейт, экинчиси - ОБСЕнин кызматкери. Уюмдун Венадагы баш кеңсесинин өкүлү Кит Жинкс иштин чоо-жайы тууралуу азырынча кеңири маалыматтар жоктугун, болгону Моро менен бирге уюмдун Ашхабаддагы өкүлчүлүгүнөн дагы бир кызматкерди - Диттер Маттейди да дүйшөмбү күнү кечинде Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигине “аңгемелешүүгө“ чакыртышканын кабарлады.

Өткөн жумада бийликтер Түркмөн-Хельсинки тобу деп аталган укук коргоочу уюмдун активисти Аннакурбан Аманкылычевди камашкан эле. Суракта ал оппозиция өкмөткө каршы кутумдук планын даярдап жатканын, ага чет элдик дипломаттар тартылганын айтып берген дешет. Өткөн аптада ошол эле укук коргоочу топтун мүчөсү Елена Овезова да камалган эле.

Ал эми өткөн жекшембиде дагы бир нече киши кармалды. Алардын арасында “Азаттыктын” кабарчысы Огулсапар Мурадова да бар. Анын кайда экени азыр белгисиз. Мурадованын эр жеткен үч баласын коопсуздук кызматкерлери дүйшөмбү күнү кармап кетишти. Мындан тышкары Түркмөн-Хельсинки тобунун Болгариядагы кеңсесинен анын төрайымы Тажигул Бегмедова да Ашхабадда кайнисин камап коюшканын кабарлады.

Түркмөнбашы маал-маалы менен өлкөдө коопсуздук өнөктүктөрүн өткөрүп турат. Бир канча жыл мурда президенттин өмүрүнө кол салганы үчүн өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри баш болгон бир канча киши жоопкерчиликке тартылган. Быйыл мартта болсо "Азаттык” радиосунун эки кабарчысы камалып, эл аралык укук коргоочу ири уюмдар,америкалык сенаторлор кийлигишип жатып, абактан бошотулган эле.

XS
SM
MD
LG