Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

ВИДУГИРИСТИН 70-ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ ӨТӨТ


Бишкекте ушул жумада белгилүү кинорежиссер Альгимантас Видугиристин 70-жылдык мааракеси белгиленет.

Альгимантас Видугирис дегенде эле көз алдыга анын колунан жаралган «Көз айнекчен», «Адам дөнгөлөк жана чынар терек жөнүндө баян», «Аялсыз эрек», жана атактуу «Кумдагы капка» тасмалары көз алдыга тартылат. Мына ушундай дүйнөгө белгилүү көптөгөн фильмдерди жараткан кинорежиссердун эл аралык сыйлыктары менен катар ага №1Токтогул ГЭСинин ардактуу куруучусу деген наам ыйгарылган. Анткени ал аталган станцияны куруу убагында башынан аягына чейин байкап, «Коогалуу күндөрдүн жылы» жана «Нарын күндөлүгү» аттуу даректүү тасмаларды тарткан. Мына ушундай ийгиликтерди жараткан кинорежисердун чыгармачылыгына белгилүү киноишмер Баян Сарыгулов мындайча баасын берет:


-Альгимантас көптү билген, көптү окуган, интеллектуалдуу киши. Кино тартууга акча жок болсо дагы китептерди, илимий иштерди жазып, тарыхты иизилдеген инсан. Андыктан анын салтанатын жакшы кылып өткөрүү биз үчүн парз.

Ал эми Альгимантас Видугиристин Кыргызстанга кандайча келип калгандыгы тууралуу киноишмер Гулбара Төлөмүшова буларды кеп салды.

-Видугирис мамлекеттик кинематографистер институтунун операторлук факультетин бүтүргөндөн кийин алыскы чыгышка барып иштегени бекетке келсе ал жердин кызматчылары билет жок, эки күндөн кийин келиңиз дегенден кийин Москвадагы кино үйүнө барып эки күн кино көрүүгө ниеттенет. Мына ошол учурда кыргыз фильмдери көрсөтүлүп жаткан болот. Видугирис кыргыз тасмаларын көрүп андагы чагылдырылган элдин турмушу, салт-санаасы жана табиятына кызыгып «Кыргызфильм» киностудиясында иштөөнү каалап, Кыргызстанга келет.

Кыргыз жергесинде чыгармачылыгын баштап, фильмдери менен дүйнөгө белгилүү болгон кинорежиссердун 70-жылдык мааракесине арналган салтанат киноүйүндө өтөт. Төрт күнгө созула турган иш чаранын алкагында анын тасмалары көрсөтүлүп, адабий кечелери өтөт, ошондой эле сүрөт көргөзмөсү ачылат. Уюштуруу комитетинин айтымында мааракелик салтанатка жазуучу Чынгыз Айтматов, режисер Болот Шамшиев жана башка маданият ишмерлери катышышат. Ошондой эле Казакстандын киноишмерлери жана Литванын Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси Ромуалдас Высокявичустун келиши күтүүлүүдө.
XS
SM
MD
LG