Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

МАДАНИЯТТАР ДИАЛОГУ ИДЕЯЛЫК КАГЫЛЫШУУЛАРДАН САКТАЙТ


“Маданияттар диалогу жана биримдикте жашоо” деп аталган эл аралык форум 21-июнда Бишкекте ачылды. 2000-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан бул форум Кыргызстанда экинчи ирeт өтүп атат. Анда, кансыз согуш мезгилинде дүйнөдө идеологиялык карама-каршылыктардын аркасында келип чыккан чыр-чатактарды диалог аркылуу чечүү жолдору талкууланууда.

Ааламдаштыруу шартында маданияттар диалогу жана элдердин биримдикте жашоо маселеси чоң мааниге ээ болууда. Ошого байланыштуу дүйнөдө болуп жаткан куралдуу кагылышуулар менен диний экстремизмди ооздуктап, жалпы элдин тынчтыкта жашоосунда маданияттар диалогу чоң ролду ойноорун форумдун катышуучулары белгилешти.

Бул форумдун өтүшү ар кайсы өлкөлөрдө болуп жаткан кагылышууларды жоюуга багытталган аракеттердин бири экенин Кыргызстандын белгилүү жазуучусу, Бенилюкс өлкөлөрүндөгү толук ыйгарым элчиси Чыңгыз Айтматов айтты:

“Дүйнөдө көптөгөн карама-каршылыктар болуп жатат. Алар бара-бара согушка деле айланып кетүүдө. Ошондой чатактар болбосо экен деп, ошого күн мурунтан көзүбүз жетип, аларды токтотууга аракеттенсек. Ой-пикирибизди, философиябызды, бардык маданиятыбызды, илим-билимибизди ушуга жумшасак деген аракеттебиз,” -деди Чыңгыз Айтматов.

Аталган иш чаранын максаты - Батыш менен Чыгыштын ортосундагы, маданий, диний байланыштардын тынчтык жолунда өнүгүшүн камсыз кылуу, Евроазия регионунда жашаган элдердин ортосунда диалогду өнүктүрүү экенин, Кыргызстандын маданият министри Султан Раев баса белгиледи.

Тарыхый булактарга таянсак, Европа менен Азиянын биригүүсү мындан миң жылдар мурда болгон экен. Окумуштуулардын айтуусунда, анын биригүүсүнө белгилүү байыркы тарыхчы Геродотко милдеткербиз.

Байыркы материктин тарыхында көптөгөн кандуу согуштар, басып алуулар болуп келген. Дал ушундай кагылышууларды курал жолу менен эмес, диалог жолу менен чечүү максатын көздөгөн Евразия диалогу платформасы 2000-жылы түзүлгөн.

“Кандай гана карама-каршылыктар, же болбосо чатактар болбосун, аларды күч жолу менен эмес, бири-бирибиз менен сүйлөшүү гана жолу менен чечишибиз керек”, - деп Түркиянын маданият министрлигинин өкүлү Мустафа Буюк айтты.

Акыркы мезгилде, дүйнө коомчулугу, тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырган диндер, чыр-чатактарды жана терроризмди күчөтүүчү ыкма катары колдонулуп жатканына күбө болууда.

Орусиянын башкы муфтийи Равиль Гайнутдин кандай гана диний конфессия болбосун, алар ар дайым ачык диалогго даяр болушу керек экенини айтты. Ошону менен бирге, батыш коомчулугунун исламдын баалулуктарына болгон терс мамилесин баса белгиледи. Ал “Европа коомчулугу ислам коомчулугундай ачык сүйлөшүүлөргө барбагындыгы өтө өкүнүчтүү” деген ойдо: “ Диалог деген эки тараптын сүйлөшүүлөрү да. Кээ бир адамдардын ислам жөнүндө жанагындай карикатураларды таратышы, ага дүйнө жүзү боюнча миллиондогон мусулмандардын нааразылыктарын көрүп жатып “ бул Европа өлкөлөрүнүн эмес, ошол карикатураларды тараткан журналисттин гана жеке позициясы” деп бир да саясатчы, бир да мамлекет жоопкерчиликти мойнуна алган жок,“-деди Равиль Гайнутдин.

21-июнда ачылган бул форумдун иши 4 күнгө созулмакчы. Анын алкагында Орусия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Грузия, Тажикстан жана Түркиядан келген белгилүү ишмерлер, окумуштуулар жана ойчулдар элдердин биримдикте жашоосунда билим берүүнүн, массалык маалымат каражаттарынын ролу жана маанисине, коомдун түзүлүүсүндө диндин кошкон салымы жөнүндө маселелерди талкууга алышмакчы.

XS
SM
MD
LG