Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

ВЕНАДА АМЕРИКА-ЕВРОПА САММИТИ БОЛУП ӨТТҮ


Нарын АЙЫП, Прага 21-июнда Венада Европа Биримдиги менен АКШ ортосундагы кезектеги бийик жолугушуу болуп өттү. Анда дүйнөлүк проблемалардан тышкары Америка менен Европа ортосундагы соода маселелери дагы талкууланды. Визит учурунда Вена шаарынын борборунда эбегейсиз коопсуздук чаралары көрүлдү.

Европа-Америка саммиттери салтка айланган окуя, мурда мындай жолугушуулар эки жылда бир өткөрүлчү, 2001-жылдан бери болсо европалык жана америкалык жогорку жетекчилер жыл сайын жолугуша баштады. Европанын негизги 25 мамлекети бир уюмга мүчө болгондуктан, бүткүл Европа Биримдиги экономикалык жактан бирдиктүү саясат жүргүзөт, АКШ менен Биримдик ортосундагы соода көлөмү болсо бир күндө бир миллиард 700 миллион долларга жетет. Мынчалык көрсөткүч көпчүлүк мамлекеттер арасында бир жылда гана болот.

Ошондуктан саммит учурунда экономикалык маселелерге, өз ара сооданы дагы кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын жаратуу жана атактуу фирмалардын буюмдарын уруксатсыз чыгарууга тыюу салуу маселелерине көп көңүл бурулду.

Президент Жорж Буш жубайы Лора менен жана мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Венага 20-июнда кечинде келди. Жыйырма биринде эртең менен алар өлкө президенти Хайнц Фишер, канцлер Вольфганг Шюссель жана өлкөнүн тышкы иштер министри Урсула Плассник менен жолугуп, эки мамлекет ортосундагы мамилелерди талкуулады.

Жолугушуу алдында президенттер Буш жана Фишер эки айым тышкы иштер министрлери Плассник менен Райс ортосунда туруп сүрөткө түшкөндө, президент Буш - "бизди эки роза ортосундагы тикенектер деп атаса болот" деп тамашалады.

Андан соң Буш жана Райс Европа Биримдигинин жетекчилери менен жабык жыйын өткөрдү, ага Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу, Биримдикке азыр төрагалык кылган Австриянын канцлери Вольфганг Шюссель жана уюмдун тышкы саясаты үчүн жооптуу Хавьер Солана катышты.
Жыйында негизинен коопсуздук маселелери жана Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан проблема талкууланды.

Түшкү тыныгуудан кийин дагы эки кеңири жыйын өткөрүлдү, аларда коопсуздукту камсыз кылуу, демократияны жайылтуу, адам укуктарын коргоо маселелери жана Жакынкы Чыгыш, Балкан жарым аралы, Африка менен башка аймактардагы абал, андан тышкары жалпы экономикалык проблемалар, кубат менен камсыз кылуу жагдайлары, СПИД менен куш ылаңына каршы күрөшүү сыяктуу маселелер талкууланды.

Саммит алдында Европа жетекчилери - Куба аралындагы Гуантанамо аскерий базасындагы абакты жабуу жана АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги Европа мамлекеттеринин айрымдарында жашыруун абактарды кармаганы менен байланыштуу маселени көтөрөбүз деп убада кылган.

Президент Буштун Венага келгени учурунда шаарда эбегейсиз коопсуздук чаралары көрүлдү. Вена аэропортунан учкан жана конгон рейстердин көбү кечикти, шаардын борбору курчалып, көптөгөн метро станциялары жабылды. Мындай учурларда адатта шаар борборунда жайгашкан дүкөндөрдүн кирешеси көбөйөт, анткени атактуу конокторду көрүүгө көптөгөн турист чогулат. Бирок Венанын борборундагы 300 дүкөн жана майда кафелер жөн гана жабылды.

АКШ саясатын жактырбагандар болсо митинг өткөрүп, Ирактагы согушту токтотууну, Гуантанамо базасын жабууну жана жашыруун абактар боюнча чындыкты айтууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG