Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

ТҮНДҮК КОРЕЯ БАЛЛИСТИКАЛЫК РАКЕТАСЫН СЫНООДОН ӨТКӨРГӨНҮ ЖАТАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Эл аралык коомчулуктун жана Вашингтондун каршылыгына карабастан, Түндүк Корея континенттер аралык жаңы баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөнү жатат.

1998- жылы Түндүк Корея алгачкы баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөндө да дүйнө коомчулугунда дал ушундай дүрбөлөң болгон. Анда АКШ менен Япония эгерде Пхеньян ракета сыноолорун токтотпосо, анда анысы үчүн тийешелүү жооп ала турганын эскертишкен. Чалгындоо кызматтарынын маалыматына караганда, азыр сынооодон өткөрүлгөнү жаткан ракетанын учуу радиусу 6 миң километрге барат, жана ал АКШнын Аляска чөлкөмүнө жете алат. Эгерде түндүк Корея бул сыноону өткөрсө, анда ал 1999-жылы кол койуп, 2002- жылы дагы бир бышыктаган келишимди бузган болот. Сөз болуп жаткан келишим өткөн жылдын сентябрь айында алты тараптуу макулдашууда жетишилиген орток келишимге шайкеш келет,- деп билдирди дүйшөмбү 19-июнь күнү сүйлөгөн сөзүндө АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс:

Алдыда боло турган сыноого Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан да камтамачылыгын билдирип, Пхеньянды Корей жарым аралындагы ансыз да татаал абалды ого бетер шыкактабоого үндөдү.

Өз кезегинде түндүк Корея бул билдирүүлөргө жооп кайтарып, ракетаны каалаган убакта сыноодон өткөрүүгө укугу бар экенин билдирүүдө. 1999-жылы Түндүк Корея эгерде АКШ аны менен түздөн- түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган болсо, сыноого мораторий жарыялай тургандыгын билдирген. Бирок Түндүк Корея мораторийди өз ыктыяры менен узартканда да АКШ аны менен сүйлөшүү столуна олтурган эмес.

Британиянын Лиидс университетинин корей маселелери боюнча аналитиги Айдан Фостер Картер Түндүк Корея ракеталык сыноолорду жүргүзүүгө толук укугу бар экенин, ал эми ал өз ыктыяры менен алган милдеттенмелер аны кайсы бир эл аралык келишимдер менен байланыштуу кылбай турганын билдирди.

"Бир гана нерсе андай сыноону жүргүзүү үчүн сыноо өтүүчү регионго жакын жайгашкан мамлекеттерди бул жөнүндө кабардар кылууга тийиш",- деди Айдан Фостер Картер.

Түндүк Корея анын ядролук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Кошмо Штаттары, Россия, Кытай, Түштүк Корея жана Япониядан тышкаары АКШ менен өзүнчө көзмө-көз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү каалайт. Сөз кылынган алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөн азырынча эч кандай майнап чыга элек. Ошону үчүнбү, Түндүк Корея ядролук программасына байланыштуу маселени азыр алгалаткысы келип жаткан шекилдүү. Аналитиктердин пикиринде,Түндүк Корея муну менен өз пайдасын көздөп турат, бирок иш таптакыр тескерисинче болуп чыгышы ыктымал.

1998 -жылкы кризистен кийин Пхеньяндын ракеталарынан чочулаган Япония АКШга көбүрөөк ыктай баштаган. Эгерде Пхеньян сыноосун өткөрсө ал ага жаңыдан жакындап келаткан Түштүк Кореяны үркүтүп жибериши ыктымал. Анысы аз келгенсип, Түндүк Корей экономикасына аз да болсо инвестиция жасай баштаган кытайды да обочолонтот, дешет серепчилер.

XS
SM
MD
LG