Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

РИНА ПРИЖИВОЙТ: ЕВРОПА МЕНЕН ЖАЛПЫ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫБЫЗ БАР


Төрөкул Дооров, Прага Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Словакия жана Чехиядагы, ошондой эле, ЕККУдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Рина Приживойт 21-июнда Чехиянын президенти Вацлав Клауска ишеним грамотасын тапшырды. Андан кийин элчи Прагада жайгашкан “Еркин Европа-Азаттык” радиосунун баш кеңсесинде болуп, кыргыз редакциясынын журналисттери менен жолугушту жана радионун айрым суроолоруна жооп берди. Элчи айым сөздү соңку бир жылдык элчилик кызматында жасаган иштери тууралуу кеп менен баштады.



Сүрөттө : Элчи Рина Приживойт Чехиянын президенти Вацлав Клауска ишеним грамотасын тапшырууда, 21-июнь 2006-жыл, Прага


- Мен былтыр элчи болуп дайындалгандан кийин бир айдан соң, 13-сентябрда Австрияда Кыргызстандын элчиси катары катталдым. Ал эми калган үч мамлекетте, Венгрияда ушул жылдын май айында, Словакияда июндун башында, ал эми Чехияда, мына, бүгүн каттоодон өтүп олтурам. Үч мамлекетте катталбай туруп, дурусураак иштөө деле мүмкүн болбоду. Мунун өзү ишимде айрым тоскоолдуктарды жаратты. Алгач Австрияда жана ал жердеги ЕККУ өңдүү эларалык уюмдарда элчи катары мурдараак катталгандыктан, негизинен жумуш ал жердеги эларалык уюмдар менен байланыштуу болду.

ЕККУда көп иштерди аткара алдык. Мен Австриядан Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча алардагы шарттар менен танышып чыктым. Бирок алар азыр көбүрөөк коңшулаш Венгрия, Словакия жана Чехия менен иштегенге аракет кылышат экен. Анткени, бул жерде иштеген алар үчүн ишенимдүү да, ыңгайлуу да болуп жатат. Бул мамлекеттер менен транспорт каттамдары да жакшы жүрөт. Кыргызстандан Франкфурт, Ганноверге авиа каттамдардын жүрүшүн эми гана кайра жандардыра баштадык. Өлкөгө түз аба-каттамдарынын жоктугунун өзү да көптөгөн кыйынчылыктарды түзөт. Мисалы, Казакстандан Европага, анын ичинде Австрияга да, аптасына 22 жолу учак каттап турат. Андан сырткары, биз менен иштешип жаткан баардык мамлекеттер азыр Кыргызстандагы кырдаалга аябай ынтызарлык менен байкоо жүргүзүп турушат. Ошондуктан, өлкөдөгү кандай гана окуялар болбосун, албетте, алар жалпы маанайга таасир этпей койбойт.

Бизден, мисалы, “Кыргызстанда эмне болуп жатат?” деп утуру сурап турушат. Ал эми “криминалдык дүйнөнүн” өкүлү бийликке атырылып жатканын өтө терс кабыл алышты.

- Рина Негматовна, Кыргызстан Чыгыш Европадагы ушул төрт мамлекет менен кайсыл тармактарда кызматташууга кызыкдар?

- Бизде кызматташууга кызыктуу тармактар көп. Мисалы, Чехия жана Словакия менен тоо кендерин казып чыгаруу ишин өнүктүрүүнү каалайбыз. Бул тармак Австрияда да жакшы өнүккөн. Андан сырткары, биз баштап эле университеттердин эларалык бирикмесинин жетекчиси менен сүйлөшүп, буга чейин бул түйүнгө кошулган кыргызстандык жогорку окуу жайлардын катарына эми Баткен университетин да киргизүү тууралуу макулдашууга жетиштик.

Биздин элчиликке баштан эле Баткен облусу менен иштөө тапшырыгы берилген. Мен Венага келээрден мурда Баткен облусуна барып, губернатор Айжигитов мырза менен сүйлөштүм. Ал мага өз ишин мыкты билген ишкердей таасир калтырды. Биз бир катар шаарларга бардык, эл менен жолуктук. Каерде болбосун, эл ишти баштоо үчүн каражат керек дейт. Мен аларга өз каалоолорун, кандай иш баштоону каалап жатса, ошону долбоор иретинде жөнөтүшүн сурандым. Бирок, тилекке каршы, эч ким андай кылбай, жөн эле акча сурашат.

Бизге Венгриянын жана Словакиянын ардактуу консулдары аябай чоң жардамдарды көрсөтүп жатышат. Кыргызстанда жер көчкү болуп, эки миңдей үй, административдик имараттар бузулган учурда, биз Словакияга жана Венгрияга барып, Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча келиштик. Венгрия НАТОнун күчтөрү аркылуу Кыргызстанга 10 тонна күрүч жөнөттү. Ал эми Венгриядагы Кызыл Жарым ай коому Кыргызстанга акча иретинде гумжардам жөнөтүүгө убада беришти.

- Сиз элчи болуп иштеп жаткан Чыгыш Европалык мамлекеттер Кыргызстанга инвестиция жасайбыз деген каалоолорун билдиришкен жокпу?

- Жок. Австриялыктар азырынча Кыргызстанга инвестиция жөнөтүүнү каалашпайт. Мен жогоруда анын себептерин айтып өттүм. Австрияда ишкердиктин басымдуу бөлүгүн жеке менчик бизнес түзөт. Австриянын ишкерлер чөйрөсү Кыргызстанда качан гана иш жүргүзгөнгө ыңгайлуу мезгил келишин, өлкөнүн ичиндеги саясий кырдаал оңолушун күтүп турушат. Анын үстүнө, Кыргызстанга барып, өз ишин баштоо үчүн ишенимдүү мыйзамдар болушу керек. Булар азырынча коңшулаш эле мамлекеттер менен кызматташып жатышат. Анткени ал жерде ийгиликтүү иштеп, эч ким алардын ишине тоскоолдук кыла албашын билишет.

Биз Австрия өкмөтүндөгү жогорку кызматтагы чиновниктер менен сүйлөшүп, жок дегенде Бишкекти “австриялыктар барышына коркунучтуу” делген мамлекеттердеги шаарлардын тизмесинен чыгарышына жетиштик. Башка мамлекеттер бизди бул тизмеге кийиришкен эмес, а Австриянын тизмесинде дагы эле калып келебиз. Азырынча биз Австрия өкмөтүндөгү айрым абройлуу кишилердин жардамы менен Бишкекти гана ал тизмеден чыгарууга жетиштик.

- Рина Негматовна, Кыргызстанда ыңкылап болгон кезде көптөгөн европалык мамлекеттер бул окуяны демократияга карай чоң кадам катары жакшы баалашкан эле. Кийин ЕККУ да өткөн президенттик шайлоону демократиялык принциптерге жооп берди деп тааныды. Андан бери да бир жылдай ашуун мезгил өттү. Азыр европалыктар Кыргызстан тууралуу эмне дешет?

- Алар Кыргызстан тууралуу дагы эле жакшы ойдо. Бирок азырга чейин өлкөнүн ички саясий турмушундагы олку-солку окуялар аларды тынчсыздандырып келет. Бул жерде баарына көз жүгүртүп турушат. “Мына, эми революция бүттү!” деп эле Кыргызстанды унутуп коюшту деген туура эмес. Алар өтө этияттык менен байкоо жүргүзүшүүдө.

Өзгөчө, ЕККУда жетекчилик кылган жана ага мүчө өлкөлөрдү өзбекстандык төрт качкындын тагдыры кыжалатка салат. Алар утуру Кыргызстан эларалык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин аткарып, аларды үчүнчү мамлекеттерге жибериши керектигин айтышууда. Ошол төрт качкындын бирин Чехия кабыл алууга даяр. Бул жерде анын туугандары бар экен. Өзбекстандык төрт качкындын маселеси боюнча мен ЕККУда соңку докладымды жасай элекмин. Азырынча мен аларга “Кыргызстанда төрт качкын боюнча юридикалык иштердин баары бүтө элек, демек, ал бүтүшүн күтөбүз. Сотко эч кандай басым жасалбайт. Ал өз өкүмүн чыгаргандан кийин, аны өзгөртүп болбойт” деп жатам. Жалпысынан, Кыргызстанга мамиле начарлады деп айта албайм, бирок этияттык сакталууда.

Биз улам тигил же бул мамлекеттин өкмөт адамдары менен сүйлөшүү учурунда ортодо соода-экономикалык тармакта кызматташууну арттыруу үчүн өкмөттөр аралык комиссияларды түзүүнү каалай турганыбызды айтып жатабыз. Азыр бул мамлекеттер менен ишти илгерилетүү үчүн ишкердик чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдарды, эки тараптуу келишимдерди кайра карап чыгышыбыз керек. Анткени бизде да, аларда да бийлик өзгөрдү. Улам шарттарды жаңылап туруш керек. Алардын катарында, мисалы, эки тарап тең инвестицияларды колдоп, коргоого алган, эки жолку салыктан бошотуу өңдүү келишимдерди кайра иштетишибиз зарыл. Ал үчүн Кыргызстанда да тийиштүү министрликтер укуктук базаны жаңыртып чыгуулары лаазым. Анткени, билесизби, ал келишимдер ишке кирмейин, карым-катнаш деген да болбойт. Түз авиациялык каттамдар болбогону аз келгенсип, азыр иштеп жаткан укуктук база да жок. Бул өтө оор.

- Сизди көпчүлүк угармандарыбыз, биринчи кезекте, Кыргызстандагы эң алдыңкы журналисттердин бири катары таанышат. Азыр эми мамлекеттик кызматта иштеп жатасыз, журналисттик ишиңизди сагынсаңыз керек?

- Ооба, билесизби, кээде сагынып кетем. Азыр бош убактым өтө аз, бирок ошондой учурларда жумушка келебиз да Кыргызстанда эмне болуп жатканын билүү үчүн интернетке киребиз. Кээде ушунчалык “колум кычышып” да кетет. Жакында биздин омбудсмен менен Венада көрүшкөм. Ал Москвада бир бишкектик бейөкмөт уюмдун төрайымы менен көрүшкөн экен. Анан эмне үчүн мени жазбай калды деп эле ачууланганын айтып калды. Тилекке каршы, мен азыр мамлекеттик кызматтагы адаммын, ошондуктан азырынча жаза албайм...

XS
SM
MD
LG