Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

ЖАЛАЛАБАТТА МЕНЧИК ИМАРАТТЫ ЭЭЛЕГЕНДЕР КӨБӨЙҮҮДӨ


Жалалабат шаарында депутат Кадыржан Батыровго караштуу «Темирташ» акционердик коомунун имаратына кирип алгандардын саны күндөн күнгө өсүүдө. 18-июнда акционердик коомдун имаратына 227 адам кирип алган. Турак-жай ээлөөчүлөрдүн тизмесине жазылгандардын саны миңден ашып кетти. Байкоочулардын пикиринде алардын арасында ачууга алдыргандар аз эмес. Үй-жайсыз адамдардын мындай кадамга баруусуна Кадыржан Батыровдун өткөн айда өзбек тилине расмий тилдин макамын берүү демилгесин көтөрүүсү себеп болгон. Жогорку Кеңештин аталган депутатынын пикири боюнча жеке менчикти ээлеп алгандарга жергиликтүү бийлик тиешелүү чара көрбөй жатат.

Кадыржан Батыровдун демилгеси менен өткөн айда өзбек тилине расмий тилдин макамын берүү митинги болгон. Тил маселесин көтөрүү менен аталган депутат облустагы биримдикке шек келтирди деп эсептеген 36 үй-бүлө шаардын «Көкарт» микрорайонундагы Батыровго тиешелүү чала бүткөн эки үйдө 28-майдан бери жашоодо.

Ага караштуу Темирташ акционердик коомунун имаратына 18-июнда кирген 227 адам ал жерден дагыле чыгалек. Боз үй тигип, ага Кадыржан Батыровго нааразылык билдирген плакаттарды жабыштырып коюшкан. Имаратты ээлегендердин башчысы Манас Бектемировдун айтымында турак-жай тизмесине жазылгандардын саны миңден ашты. Адамдардын улам келип кошулуп жатканы коомчулукту түйшөлтүүдө. Имараттын алдында турган 200дөн ашык адамдын арасында Жалалабат шаары эле эмес, ага коңшу райондордун да тургундары бар. Ар кайсы улуттагы башкалкасы жок, көп балалуу, жумушсуз жана майыптыгы бар адамдар да жүрүшөт.

Алардын бири Күмүшкан Жолдошованын бул жерге келүүсүнү үйүнүн жоктугу себеп болгон:

- 30 жылдан бери ар кимдин үйүнө көчүп, конуп, квартирада жашайм. Ошол себептен мага менчик үй тийип калар бекен деген үмүттө жүрөм.

Күйөөсү экөө тең оорукчан өзбек келин Зульфия Аматова имаратты ээлегендердин катарына батирде жашоо көйгөйүнөн улам кошулган:

- Мен 8 балам менен үйүм жок жүрөм. Заңгыраган үйлөрдү салып атышат байлар. Анан мен эмне кылышым керек?

«Жарандар коррупцияга каршы» аттуу бейөкмөт уюмдун төрайымы Төлөйкан Исмаилова Жалалабаттагы кырдаалды курчутпоо үчүн бийликтин бардык бутактары иштөөсү керек деп эсептейт:

- Ден-соолугубузду карабай, балдарыбызды талаага калтырып 15 жылдан бери чыдап келген саясатты бүгүн чыдай албайбыз деп атышат элдер. Ошондуктан бул бийлик аябай катуу, жакшы иштеши керек эле. Бишкекте эле чатактарды карабай, депутаттар дагы бул жактагы шайлоочулары менен иштеши керек эле да. Эч ким жок, мына эл күндөн күнгө бул жерде топтолуп атат.

Имаратты ээлешкендер депутат Кадыржан Батыровду кечки саат алтыга жолугушууга чакырган. Бирок, Батыров чакырыкты албаганын айтып, Ошто өтүп жаткан Жогорку Кеңештин көчмө жыйынына кетти. Анын пикиринде жергиликтүү бийлик менчикти ээлегендерге көз жумду мамиле жасоодо:

- Бийлик конкреттүү чечимге келген жок. Аларда эч кандай чара көрөйүн деген чечимин айткан жок. Бул ишти уюштурган 5-6 адам бар, алардын тизмесин бердим. Аларды отургузуш керек. Бул өндүрүштүк аянт, бул жерде эч качан турак-жай болбойт, санитардык нормага да туура келбейт, деп элге түшүндүрсө, алар кетет.

Жалалабат шаар мэриясы имаратты ээлегендер менен күнүгү сүйлөшүүдө. Шаар башчы Дүйшөналы Мамасалиевдин айтымында алар агрессивдүү боло баштады. Үй-жай проблемасын чечүүгө коңшу райондордун акимдери да көмөктөшүүсү зарыл:

- Күнүгө ага, ини, эже, сиңди деп бардыгынан мындай кылбагыла, болбойт, мыйзам чегинде болсун, бирөөнүн мүлкүн басуу закондо жок, мусулманчылыкта да жок деп түшүндүрүп атам. Өтө агресивдүү эл. Мен ал жөнүндө облустун губернаторуна, орунбасаларына жеткирдим. Ал жерде Сузактын адамдары гана калды. Бөлөк акимдер деле иштеши керек өзүнүн эли менен.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG