Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

МАСКӨӨДӨ ЭЛ АРАЛЫК «ЧЕГАРАСЫЗ КАБАРЧЫЛАР» УЮМУ ТАЖИК ЖУРНАЛИСТИН КОРГООГО АЛУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Эл аралык «Чегарасыз кабарчылар» уюму Орусиянын ички иштер министрлигине кайрылуу жасады. Анда азыркы тушта Москвада жашап, «Чароги руз» гезитин чыгаруучу тажик журналисти Атовуллоевди коргоого алуу талабы коюлган. Кийинки учурда журналистке телефон аркылуу коркутуп үркүтүү көп болууда. Атовуллоевдин айтканына караганда, мындай опуза ал гезитке тажикстандык бийликти сынга алгандан тартып башталган. Быйыл ноябрде Тажикстанда президентти шайлоо өтмөкчү.

"Чегарасыз кабарчылар» уюмунун кайрылуусун биз «Пресс-атташе» сайтынан таптык. Ал жерде «Маскөөдө жашап иштеп аткан Атовуллоевдин коопсуздугун кепилдике алышын өтүнүп Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиевге кайрылабыз», - деп айтылган.

Башка булактан алынган маалыматта кийинки учурда журналисттин үйүнө кимдир бирөөлөр телефон чалып «башыңды жулабыз», - деп коркуткан. Түнүчүндө кимдир бирөөлөр каалгасын каккылап улам коркутуп турушарын айтышат.

Тажикстандык оппозиция бел туткан «Чароги рузду» жетектөөчү Додожан Атовуллоев 2001– жылдан бери батыш өлкөлөрдө бозгунда жашап, гезитин Маскөөдө чыгарат. Азыр ал орусиялык баш калаада. Басылма акыркы эки санында президент Эмомали Рахмоновду катуу сынга алган экен. Үстүдө жылдын ноябринде президентти шайлоо өтөт. Ошол күн чукулдаган сайын тажикстандык бийлик оппозицияга тишин кайрай баштады дешет анализчилер.

Биз Атовуллоевдин өзү менен сүйлөшкөндө андан Дүйшөмбү бийлиги орусиялык президенттин админстрациясы менен өлкөнүн тышкы иштер министрлигине аталган гезитти жабууну талап кылган атайын кат жөнөткөнүн уктук.

«Өткөн аптанын этегинде Тажикстандын тышкы иштер министри Назаров өз кенсесине Орусиянын Тажикстандагы элчиси Рамазан Абдулатиповду чакырып, «Чароги руздун» Маскөөдө чыгышына абдан нааразы экенин билдирген», - деди ал.

Кабарчы: - «Атовуллоев мырза, кимдир бирөөлөр түнката тынчыңызды алат экен, кимдир бирөөлөр телефондон опузалайт экен, а сиз өзүңүз чынында эле андай коркунуч бар дейсизби?»

Атовуллоев: - "Кийинки жылдары Маскөөдө (Чарогу руз – ММ) гезиттин бир нече кызматкери кармалганы, алардын бири мен болгонумду эске алганда андай коркунучтун бар экенине ишенесиң. Андан сырткары Тажикстандын өзүндө азыр оппозиячыл гезитке кабар жазгандарды издөө, жогорку бийлик чөйрөсүнөн ага маалымат бергендерди табуу кампаниясы жүрүп жатат".

Тажикстандык либералдын элеңдөөсүндө негиз бар экенин «Азоди» үналгысынын Маскөөдөгү кабарчысы Махмадрахим Сайдаров бир мисал менен чечмеледи:

«Тажикстандын демократиялык партииясынын төрагасы бул жакта (Орусияда – ММ) бозгунда болуучу. Тажикстандын атайын кызматындагылар орусиялык кесиптештеринин жардамы менен ал кишини жашырын түрдө Маскөөдөн алып чыгып кетишкен. Додожон ал окуяга күбөдөр болгон. Орусиядагы өкүлчүлүктөрдө дегинкиси мурунку атайын кызматтагылар иштешет. Алардын эң маанилүү милдеттери болуп азыр Орусияда жашап аткан мурда Тажикстанда оппозицияда болгондорду аңдуу болуп эсептелет. Ошондуктан Додожондун чочулоосун негизсиз дешке болбойт», - деди Махмадрахим Сайдаров мырза.
XS
SM
MD
LG