Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 09:21

“МЭЭРИМГЕ” КӨЗ АРТКАН ТАТЬЯНА БАКИЕВА, КАЙРАДАН КАНТАЛАМАЙ, КОШ БОЛ, ҮСӨҢГҮКУУШ


22-июндагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, Москванын мэри Юрий Лужковдун Кыргыз жергесине келиши тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

22-июндагы “Алас” гезити “Жебеген жетинчи кабаттын алдында” деген баш сөз менен чыкты. Ошондой эле “Көктөм жерим, эсил кайран, көрөм сени эми кайдан?!” деген фотоколлаж берилип, анын алдына мындай деп жазылган. “Президент Курманбек Бакиев Кытай эл республикасына жасалган расмий сапарында Үзөңгү Куушту биротоло берүү декларациясына кол коюп, “ Үзөңгүкууш биротоло силерге өттү, ал жерге эми кыргыздардын кылымда дооматы жок” деген документке колун коюп келгенден кийин береги бейоопа чоркок президент күндө өтчү кан жолдун боюна, тактап айтканда Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишине жан кейиткен “Кош бол, Үзөңгүкууш...” деген жарнама илинди. Аттиң, бирок Алатоо солк этсе да, Ажонун жүрөгү болк этпеси билинди” деп жазат “Алас” гезити.

Ушул гезитин маалыматы боюнча президент Курманбек Бакиевдин жубайы, “Мээрим” фондусунун Чүй облусу боюнча координатору жана фонддун негиздөөчүлөрүнүн бири Татьяна Бакиева өзү фондго телефон чалып, балдар үчүн жасалган иштерди колдой турганын билдирген. “Эң кызыгы, жакында эле депутаттар айтып, гезиттер жазган “Мээримдин” имараты үчүн кошумча төлөнгөн 43 миң сомду башка бирөө эмес, Татьяна Бакиева фонддун өзүнө төлөгөндүгүндө. Фонддун тегерегиндеги ызы- чуу басылса, кайра келе тургандай ниети бар өңдөнөт” деп маалымдайт “Алас” жумалыгы.

Мындан сырткары бул гезит Аскар Акаевдин учурундагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов ойгонуп, Акаевди Апендинин кызындай мактап, өзүн андан да өйдө жактап макала жаза баштаганын, Тараз - Талас - Өтмөк жолун куруп жаткан түркиялык фирмага 22 карьер учурдагы бийлик тарабынан мыйзамсыз берилип кетсе дагы кошумча 6 карьерди түрктөр өздөрү менчиктеп алышканын кабарлаган.

Бул жолу “Аластын” баяндамачысы Алым Токтомушев « Кайрадан канталамай?» аттуу макаласын улантып, жаңы бийликтин “Жерүй” алтын кенин кантип басып алганын, жаңы бийликтин мүлк таламайын талдоого алган.

“Кечээ жакында дагы бир маалымат тарады. Өзүңөр билесиңер, бүт Кыргызстанды авиакеросин менен камсыз кылган «Аалам Сервис» компаниясы «бүт Кыргызстандын күйөбаласы» Адил Тойгонбаевге таандык болчу. Андан табылган миллиондор буга чейин казынаны кыйгап, «политүйбүлөгө» кайсы арык менен акканы айтыла берип, ашмалтайы чыкты. Эми ошонун кулагын жаңы «политүйбүлөгө» буруу демилгеси көтөрүлүп жатыптыр.

Кантип дейсизби? «Аалам Сервистин» «Манас» аэропортуна тиешелүү бүт активин май куюу менен шугулданган «Эйркрафт Петрол Менеджмент» менчик компаниясына өткөрүү менен. Эң негизгиси, ал кимдин кызыкчылыгына, атынан айтсак, чөнтөгүнө кызмат кылат? Монополия майдын, демек, авиабилеттердин кымбатташына алып келбейби? Алып келсе компенсация кай мекеменин мойнунан төлөнөт?

Курманбек Бакиевдин «батальонунун» басымдуу бөлүгү Кыргыз алтынын», аскерий теникасын жана башкаларын сатып байыгандардан. Ошентип жаңы бийлик үзөңгүгө буту илинбей жатып, Жерүй алтын кенин да баса калды» деп жазат Алым Токтомушев.

“Алас” гезити “Электр эрөөлү” деген рубрика менен электр тармагын менчиктештирүү боюнча кайчы пикирлерди да жарыялады.

“Жаңырык апта” жумалыгы Москва мэри Юрий Лужковдун Кыргызстанга расмий сапарда болушун маалымдап, эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлганын, Тамчыдагы “Ысыккөл” эл аралык аэропортун кайра куруу жана модернизациялоо иштери менен таанышканын, “Данакер” ордени менен сыйланганын кабарлады.

Ушул гезиттин редактору Керим Айдаров Жогорку кенештин төрагасы Марат Султанов менн маектешкен. Анда учурдагы оппозиция, Ганси аскер базасы, Үзөңгүкууш, Шанхай кызматташтык уюму, энергетика тармагы жана башка маселелери тууралуу кеп кылган. “Мен президенттик башкарууну колдобойм. Анткени Орто Азияда жашайбыз. Тез эле авторитардык ыкмага оодарылып кетишибиз ыктымал. Көп учурда бүт бийликти президент түзөт, парламентке мыйзам чыгаруу эле калат деген ойлор айтылууда. Мындай болсо парламенттин көзөмөлдөө функциясы кескин төмөндөйт. Парламенттик башкаруунун дагы көйгөйлөрү жерлери бар. Азырынча аралаш форманы жактайм. Анткени, аралаш башкарууда бири- бирин тизгиндеп турууга болот” деген пикирин билдирген парламенттин төрагасы Марат Султанов.

“Жаңырык апта” жумалыгына берген маегинде Жогорку кеңештин депутаты Аскар Салымбеков “Өнүгөбүз десек Кытайдан үлгү алышыбыз керек. Алар инвесторлорго өтө сый мамиле кылышат экен. Бизде да мындай инвестицияга суусап турган учур. Бирок чиновниктерибиз ар кандай бут тосуп аларды качырышат” деген пикирин айткан.

“Кыргызстанда инсульт оорусу күч алды” деп тынсызданат медицина илимдеринин кандидаты Медербек Капаров.

“Жаңырык апта” жумалыгы “аркан тартыш” рубрикасында Адахан Мадумаров менен Мелис Эшимкановдун жетишкени, кемчиликтери, өзгөчөлүктөрү жана окшоштуктарын салыштырып талдоого алган.

“Экөөнүн окшоштуктары: жоопкерсиздиктеринен улам бүгүн бирди айтышса, эртеси аны жөн эле ойноп айткамын деп артын карабай эл үмүтүн муздатып коюшкандыгы, экөө тең трибунага, гезит, телеге жакын. Андыктан эл ишеними, сезими менен ойношот. Өзгөрмөлүү” деп маалымдайт “Жаңырык апта” гезити.

“Лица” жумалыгы оппозиция тууралуу мыйзам долбоорун жазган “Ар- намыс” партиясынын лидери Эмил Алиевдин маегин жарыялады. “Оппозиция өкүлдөрү да өкмөт мүчөлөрү, жетекчилери болууга акылуу” дейт Эмил Алиев.

Ошондой эле бул жумалык “санжыра” аттуу жаңы саясый партиянын программасын, платформасын жарыялады.


“Слово Кыргызстана” гезити да Москва мэри Юрий Лужковдун Кыргыз жергесиндеги сапары ийгиликтүү болгонун маалымдады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG