Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

РОССИЯНЫН ИМПЕРИЯЛЫК САЯСИЙ ОЮНУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Америкалык серепчи Жэксон Дайл жакында "Вашингтон пост" гезитинде чыгарган макаласында Батыш мамлекеттери Россиянын Грузиядагы, Украинадагы жана Молдовадагы интервенциялык саясатын сынга алып, Россиядагы демократташтыруу процесстерине баа берише турганын жазып чыкты. АКШдагы "Өткөөл мезгилдеги демократиялар" деген долбордун башчысы Жэксон Дайл Россия кошуна өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүү менен агрессивдүү оюнчуга айланганын жана АКШ буга бөгөт койо албай жатканын кыйыткан. Азаттыктын грузин редакциясынын кабарчысы Салом Асатиани Жэксон менен маектешип, анын АКШ менен Россиянын ортосундагы тең салмак жөнүндө кандай пикирде экенине кызыккан.

-Молдова Грузия жана Украина маселесинде пессимисттик көз карашта экениңиз, макаланын мазмунунан даана байкалып турат.Буга эмнелер себеп?

-Биринчиден Россиянын кошуналарына карата жүргүзгөн саясаты россиялык серепчилер айткандай регионалдык маселе эмес, эл аралык маанидеги проблема экенин айткым келет. Эгерде орус серепчилердин мындай пикири туура болсо, анда 2005-жылы Чоң Сегиздик өлкөлөрүнүн саммитинде каралган Африканын карыздары жөнүндөгү маселени да "жергиликтүү маселелердин катарына чыгарып салсак болоор эле. Бирок бул глобалдык маселе. Ошондуктан Чоң Сегиздиктин июлда Петербург шаарында өтө турган саммиттинде Россиянын азыркы кызыкчылыктарына жооп берген регионалдык жаңжалдар жөнүндөгү маселени көтөрүлүшүнө үмүттөнүп турабыз.

-Сиз өз макалаңызда Россиянын кошуна өлкөлөргө каратылган сяасатын "агрессивдүү оюнчунун жүрүшү" катары сыпаттадыңыз. Ал ойундун маани-маңызына толугураак токтолсоңуз.

- Энергетика тармагын Украина, Молдова жана Грузияга каршы курал катары колдонуу, Абхазиядан баштап, Түштүк Осетия жана Днестр боюна чейинки аймактарда ОБСЕнин бейпилдик орнотуу миссиясына жолтоо болуу, эмбарголор менен санкциялар - мунун баарын империя макамын эл аралык системада калыбына келтирүү стратегиясынын бир бөлүгү деп кароо мүмкүн. Бул жерде агрессивдүү дипломатиялык кампания жүрүп жатканы көрүнүп турат. Ошону менен бирге Россия АКШ менен жылуу- жумшак мамилелерди сактап калып, Вашингтонду мындай стратегияны унчукпастан макул алууга көндүрүүгө аракеттенүүдө. Бул ойлонуп туруп, жасалган иш.
Россия Американы Европадагы шериктеринен бөлүүгө аракеттенүүдө, жана мындай акыбал оңдолууга тийиш.

-Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Чоң Сегиздик өлкөлөрүнүн саммитинин жуп алдында президент Жорж Буш менен жолугушууга чакырылды. Муну Вашингтондун Грузиядагы демократташтыруу процессине колдоо көрсөткөнү катары кабыл алууга болобу?

-Президент Буш жаңы демократиялардын көз карандысыздыгы менен суверендүүлүгүн колдойт, бул талашсыз нерсе. Ал муну Тбилисидеги Тынчтык аянтында 2005- жылдын май айында өткөн салтанатта да ырастаган. Менимче бул Буштун президент Владимир Путинге Америка өзүнүн шериктеринин баалуулуктарын колдойт деген ишарасы. Анын Американын көз карандылыгын майрамдаган 4- июлда Чоң Сегиздиктин саммитине келишин да символ катары баалоо абзел.

XS
SM
MD
LG