Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

АЙЫЛГА – АКЧАСЫ, БАНККА - ҮСТӨК ПАЙЫЗЫ


Кыргызстанда айыл банкын түзүү идеясы кыйладан бери козголуп ишке ашпай келатат. Европа өнүгүү жана жаңылоо банкы бул милдетти жалгыз өзү аркалап, кийинки үч жарым жыл ичинде 100 миллион ашуун доллар акчаны чакан кредитке бөлүп берди.

Орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүү барып-келип эле каржылык маселеге барып такалары турулуу иш. Европа өнүгүү жана жаңылоо банкы кыргызстандык каржылык мекемелер менен биргелешип орто жана чакан ишкердикти өнүктүрүүгө каржылык колдоону төрт жыл илгери эле баштаган. Банктын чакан кредиттер программасынын координатору Хайке Ноннебергдин айтуусунда, бул аралыкта 100 миллион доллар акча кредитке бөлүнгөн.

- Бул иш дагы улантылып жатат, ай сайын биздин кредит баштыгыбыз чоңоюп баратат. Өткөн жылы ал 160% өссө, 2004-жылы 360% көбөйгөн. Кредит баштыгы минтип ыкчам көбөйүп жатканы менен кызмат көрсөтүүнүн сапаты мурдагысындай, баштагы калыбында эле калууда,- дейт Хайке Ноннеберг.


Европа өнүгүү жана жаңылоо банкынын Кыргызстандагы өкүлүнүн орунбасары Жылдыз Галиеванын ырасташынча, жалгыз банктын аракети менен элеттиктер үчүн өзгөчө маанилүү маселени чечиш мүмкүн эмес.

- Керектөө аябай жогору. Биз азыркыдан үч эсе көп акча бөлсөк деле Кыргызстандагы чакан кердит боюнча керектөөнү толук жаба албайбыз.

Европа өнүгүү жана жаңылоо банкынын адистеринин айтуусунда, алынган кредиттер толугу менен убагында кайтарылат. Буга чейин кредит алган 50 миңдин ичинен сегизи гана төлөп бере албай калган. «Банктын ишениминен кетип калбаш үчүн кардарлар алаган акчасын убагында кайтарышат», дейт Хайке Ноннеберг.

Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүүнүн цивилиазциялуу жолуна өтүүгө тоскоол болуп жаткан проблема коммерциялык банктардын үстөк пайызынын көптүгүнө байланыштуу. Чакан кредит программасы боюнча Европа өнүгүү жана жаңылоо банкынын өнөктөшү «Казкоммерцбанк Кыргызстан» банкынын директорлор кеңеш төрагасынын орунбасары Куандык Нуртаев аны Кыргызстандын азыркы экономикалык жагдайына жараша түшүндүрөт.

- Биз келгенге чейинки калыптанып калган функционалдык системаны бузуп, Казакстандагыдай шарт менен кредит берүү мүмкүн эмес. Кредит ресурсунун наркына кредит тобокелдиги да кошулат. Ал жоопкерчиликти банк өзүнө алат,- дейт К.Нуртаев.

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Кыргызстандын кредит-финансы корпорациясынын жаңы жетекчилиги Европа өнүгүү жана жаңылоо банкы менен жакында гана 2 миллион евро кредит боюнча макулдашууга кол койгонун маалым кылды.

Өкмөттүн кийлигишүүсү менен корпорацияга дагы 3 миллион евро акча кредит бөлүүгө банк жетекчилиги убада кылууда. Төрт жылга жетпеген убакыттын ичинде «Казкоммерцбанк Кыргызстан» банкы мындан үч эсе көп акчаны иштетүүгө жетишкен.

А.Жапаров Европа өнүгүү жана жаңылоо банкынан 5 миллион евро, германиялык KFW банкынан дагы 1 миллион евро кредит алып, аны Кыргызстандын кредит-финансы корпорациясы аркылуу үстөк пайызын 10% ашырбай дыйкандарга акча бөлө турганын айтты.

- Биз дыйкандарга 10% чейинки үстөк пайызы менен карыз акча берүүгө даярбыз.

Өткөн жылдан бери чоң жыйындарда Айыл банкын түзүү тилеги айтылып келатат. Ал кечеңдеп, өкмөт Кредит-финансы корпорациясына акчаны сырттан издеп жүрү.

XS
SM
MD
LG