Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

100 ПАЙЫЗ ПАРТИЯЛЫК ТИЗМЕ


Москва шаар башчысынын Кыргызстанга иш сапары, жаңыланчу Конституция тууралуу пикирлер-сунуштар, бийлик менен оппозициянын аракети жөнүндө апта соңундагы кыргыз басылмаларында арбын сөз болду.

Жаңы Конституцияда бийлик бутактары кандай бөлүшөрү, башкаруунун үч формасынын кайсынысы ылайыктуу деген суроонун тегерегинде кыргыз гезиттеринде биртоп материалдар чыкты.

Парламент спикери Марат Султанов «Жаңырык апта» гезитиндеги маегинде Кыргызстанга азырынча аралаш система эле керек деген пикирин билдирди. Анын ырасташынча, президенттик башкаруу жеке бийликке алып барса, парламенттик башкарууга өтүүгө азырынча өлкө даяр эмес. Саясий күчтөр чачкын, 3- 4 партиялар калып, алардын ортосунда кадимкидей атаандаштык орномоюн парламенттик республика тууралуу оозанбай койгон эле оң.

Ушул эле темага жаңы чыккан «Лозунг» гезитиндеги маегинде парламент депутаты Азимбек Бекназаров да токтолгон. Анын айтуусунда, Кыргызстанда бир эле мамлекеттик тил болот. Парламент шайлоосу 100% партиялык тизме менен өтүшү жөндүү. Азырынча башкаруунун кандай формасын тандап алуу маселеси толук чечиле элек.

Бийлик менен оппозициянын таймашы 1:3 эсебинде жүрүп такандыгын дүйнөлүк футбол мелдешинин мисалына салып «Кыргыз руху» гезити жазды.

Ал арада цивилизациялардын эпке келиши, ортодогу мунасанын кандай болушу тууралуу кечээ Бишкекте чоң жыйын ишин баштап ийди. «Кыргыз туусу» гезити мамлекетти катчы Адахан Мадумаровдун «Евроазиячылык – дүйнөнү жаңыча аңдап билүү» деген куттуктоо сөзүн жарыялады. Стамбулдун жанындагы Босфор кысыгындагы чоң көпүрөдө турганымда Азия менен Европаны байланыштырган жерде турганыңды сезесиң. Бишкек форуму да цивилизациялардын орток көпүрөсү болуп калышы ажеп эмес, дейт А.Мадумаров.

Ушул эле гезитте журналист Төлөнбай Абдыразаковдун Казакстанда иштеп жүргөн кыргыз мигранттарынын абалы тууралуу жазылган очеркине да орун берилген. Автордун ырасташынча, Казакстанга эмгек мигранттарын ташыган фирмалар менен адамдардын ишин катуу тескөөгө убакыт жетти. Антпесе алдамчылык менен жан баккандардын айынан эки элдин ортосундагы ынтымакка доо кетип калышы толук ыктымал.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиле-катнаштын тереңдеп баратканы, Москва шаар башчысынын Бишкек менен Көлдө болгон учуру жөнүндө апта соңундагы кыргыз басылмаларынын дээрлик бардыгы жазышты. «Лужков келди, инвестиция келеби?» деп суроо коет «Жаңы ордо» гезити. «Москва үйү – Бишкекте, Бишкек үйү – Москвада» дейт «Кыргыз туусу» гезити.

«МСН» гезити жаңы санында Улуттук илимдер академиясынын Токой жана жаңак өстүрүү институтунун директору Эшалы Турдукуловдун маегин жарыялады. Кыргызстандын 4,5% жерин ээлеген кайталангыс токойду жырткычтык менен пайдалануу, жаңакты кыюу дагыле улантылып жатат. Анын уюлун түркиялык ишкерлерге сатуу тууралуу келишим түзүлгөн. Азыр токойдун кожоюну жок, ошондуктан аны ким каалагандын баары эле кыйып-жоюп, талкалап жатат, дейт Э.Турдукулов.

Кыргызстандагы коррупциянын тизгинин тартуу, салык системасын кантип реформалоо керектиги тууралуу апта соңундагы «Аалам» гезитинде материалдар топтому жарыяланды.

Кыргызстандагы эң ири «Кумтөр» алтын кениндеги кара жумуштун баасы, анда иштегендерге түзүлгөн шарт-жагдай тууралуу «МСН» гезитинде Елена Скородумованын макаласы жарыяланды. «Кумтөрдөгү» орточо эмгек акы 40 миң сомду түзөт. Кыргызстандагы өнөр жайында иштегендердин орточо айлык маянасы өткөн жылы 3674 сомду түзсө, Кумтөрдө бул көрсөткүч 10 эсе көп.

«Акаев ким менен болбосун тил табышып, өзүнө ынандыра алчу». Мындай пикирин экс-президенттин жакын шакирттеринин бири Болот Жанузаков «Кыргыз руху» гезитинде билдирди. Ал эми экс-депутат Ташболот Балтабаевдин «Бакиев айланасына «ляппай» дегендерди чогултту» деген аталыштагы маегин апта соңундагы «Агым» гезити басты.
XS
SM
MD
LG