Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

“КАМБАРКАН» МЕНЕН “АК МАРАЛ” КЫТАЙДАН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК САПАРДАН КАЙТЫШТЫ


Аталган чыгармачыл топтор Кытайда Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик жыйынына арналган чоң концертке катышты. Онго жакын мамлекеттердин башчылары катышкан бул салтанаттуу жыйында Кыргызстандан барган өнөрпоздор улуттук ыр, бий, күүлөрдөн турган концерттик программасын тартуулашкан.

“Камбаркан” фольклордук этнографиялык тобунун ырчысы Дилшат Кангелдиеванын айтымында, ар бир мамлекеттин чыгармачылык топторуна алты мүнөттөн убакыт берилди. Мына ошол убакыттын ичинде “Ак марал” бийчилер тобу “Миң кыялды” бийлешти, “Камбаркан” тобу “Эргиме” деген күүнү черттик. Андан соң Керим Турапов “Бишкегим” деген ырды ырдады, аны коштоп бийчилер бийлеп турушту.

Шанхай уюмунун он жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйынга ага мүчө өлкөлөдөн мыкты чыгармачылык топтор менен катар деңгээли төмөн жамааттар да келишкен. Ал эми кыргыз артистеринин чыгармачылык деңгээли өтө жогору болгону менен сахнага кийип чыккан концерттик костюмдары жупуну болду.


“Камбаркан” фольклордун этнографиялык ансамбли менен “Ак марал” бийчилер тобу буга чейин да бир катар мамлекеттерге чыгып өнөрлөрүн тартуулап келишкен. Ал эми бул жолку чыккан сапарында Казакстандан келген өнөрпоздор менен чыгармачылык алакада болуп, биргелешип концерт берүү туурасында сүйлөшүүлөр жүргөн. Салтанат жыйынтыкталган соң Кыргызстандан барган топ Кытай элинин көрөрмандарына дагы эки күн концерт беришкен. Бир жарым саатка созулган программада Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор Курмангазы Азыкбаев жетектеген “Эне Сай” тобу да өнөрлөрүн көрсөтүшкөн . Ал эми топтун кичинекей ырчысы Нурсултан кытайча ыр ырдап, көрөрмандарды таң калтырган.
Камбаркан тобунун комузчулары элдик күүлөрдү чертишип, “Ак марал” бийчилер тобу улуттук бийлерди бийлешип, элдик ырларды тартуулашкан.

Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны келерки жылы Кыргызстанда өтмөкчү. Улуттук филармониянын жетекчиси Керим Тураповдун айтымында, эмдиги жылда болуучу жыйында жогорку деңгээлдеги концерт берүү үчүн эмитен даярдык көрүү зарыл.

-Филармонияда бүгүнкү күндүн талабына жооп берелик техника жок. 80-жылдарда коюлган жабдуулар жаңыртыла элек болгондуктан көптөгөн кыйынчылыктарды жаратууда, Андыктан эмки жылы бизде өтө турган иш-чарага даярдыктарды көрүшүбүз керек.
XS
SM
MD
LG