Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

ФУТБОЛ -2006. ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШ: ЧЫНЫГЫ ТАЙМАШУУЛАР АЛДЫДА


Күн өткөн сайын футбол боюнча дүйнөлүк таймашуулар курчуп баратат. Бүгүн, 23-июнда кечинде Германияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын 3-турунун таймашуулары жыйынтыкталат. Бүгүн кечинде Сауд Арабия менен Испания, Украина менен Тунис, Того менен Франция жана Швейцария менен Түштүк Корея өлкөлөрүнүн командалары күч сынашат. Көгүлтүр экран аркылуу дүйнө чемпионатына кыргызстандык күйөрмандар да назар салышууда.

Германияда өтүп жаткан Футбол боюнча 18-дүйнө чемпионатында ат салышкан 32 өлкөнүн командаларынын мыктылары иргелеп, сегизден бир финалга чыккандар аныктала баштады. Үчүнчү турдун жыйынтыктарына жараша Германия, Эквадор,Англия, Швеция, Аргентина, Голландия, Испания, Бразилия, Мексика жана Португалия командалары сегизден бир финалга чыгышты. Ал эми «Е» тобунда төрт командадан кечээ кечинде болуп өткөн оюндар АКШны 2:1 эсебинде жеңген Гана менен Чехияны 2:0 эсебинде уткан Италия сегизден бир финалга чыгышты. Ошондой эле «F” тобунда дагы Бразилиядан кийинки экинчи мыкты команда деп Австралия таанылды. “Г” тобунда болсо Того командасынан бөлөгүнүн үмүтү өчө элек. Франция, же Швейцария же Түштүк Корея оюндан четке чыгып калышы да ыктымал. Кимиси күчтүү экени бүгүн кечиндеги беттешүүлөрдө билинет. “Н” тобунда Испаниядан кийинки Украина бүгүнкү оюнда Тунисти утса сегизден бир финалга чыгышы мүмкүн.

Германияда өтүп жаткан дүйнөлүк кубок таймашуулар тууралуу кыргызстандык футбол күйөрмандары өз пикирлерин мындайча билдиришти:

Нурлан : Бразилияга башынан бери күйөрманмын. Алар быйыл алтынчы ирет чемпиондук наамды жеңип алууга аракет кылат. Германияда өтүп жаткандыктан неместер да финалга чейин барышып бразилиялыктарга утулуп, экинчи болот деп ойлойм
Канат: Финалга Англия менен Португалия же Бразилия менен Германия чыгышы мүмкүн. Быйыл Германияда өтүп жаткандыктан Европа өлкөлөрү дүйнө Кубогун колдон чыгарбоого аракет кылышат.

Нурсултан: Бул жолу да бразилиялыктар дүйнө чемпиону болушат. Алар баш байгени алтынчы ирет жеңип алаарына ишенем.

Дастан: Кыргызстандык жаштар да футбол мелдештерин көрүү менен бул спортко кызыгуу күч алат деп ойлойм. Азыр дүйнө жүзү футбол менен “ооруп” турган учуру.


Дүйнөлүк футбол чемпионатында Бразилия командасын сүрөөнгө алып, бирок украиналыктарга ийгилик каалап турганын нарындык күйөрман Айбек Абылгазиев айтты.
"Футбол биринчи спорт катары таанылып, дүйнө жүзүн арбап алды. Кечээ жапониялыктар Бразилиялыктарга биринчи гол киргизип, алардын намысына тийип коюшту. Андан кийин бразилиялыктар таза, мыкты футбол көрсөтүп, баарына үлгү болушту. Алардын оюнун рахатка батып, ыраазы болуу менен көрсөм да, бүгүн Украинага ийгилик каалап турам. Алардын 8 /1финалга чыгуусуна мүмкүнчүлүктөр бар. Муну алдыдагы таймашуулар көрсөтөт".

Азырынча бомбардирлердин сабын германиялык чабуулчу Клозе 4 топ менен баштап келатат.
Быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү Англиянын футболчулары болушу мүмкүн экенин, Африка жана Азия өлкөлөрүнүн футболдук деңгээли өскөнүн, Кыргызстандын 15- футбол чемпионаты дагы улантылып жатканын өлкөнүн футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Кадыр Чыныбеков белгиледи.

-Азия менен Африка өлкөлөрүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Мен өзүм Англияга күйөрман болуп, ийгилик каалап турам, алар ишенимди актап, финалга чыгуусу да ыктымал. Алар Эквадорду утуп алышат деп ойлойм. Эми чындап кызык оюндар болот. Чынында Англия быйыл чемпион болооруна ишенип турам.

Кыргызстандык 80ден ашуун футбол күйөрмандары дүйнө чемпионатынын оюндарын көрүү үчүн Германияга барууга камынып, билеттери колунда турат. Алардын көпчүлүгү чейрек жана жарым финалдык беттешүүлөргө барышмакчы.

Футбол боюнча дүйнөлүк таймашуунун сегизден бир финалында Германия менен Швеция, Англия менен Эквадор, Португалия менен Голландия, Мексика менен Аргентина, Италия менен Австралия ошондой эле Бразилия менен Гана беттешмек болду. Испаниядан сырткары «Г» жана «Н» тобундагы атаандаштар бүгүнкү беттешүүлөрдө анык болмокчу.
Сегизден бир финалдык беттешүүлөрү 24- июнда башталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG