Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Облустук «Акыйкат» гезитинин кабарчысы бир сааттай барымтага алынды


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук гезитинин кызматкери Санжарбек Эралиев депутат Кадыржан Батыровдун Жалалабат шаарынын Көгарт микрорайонундагы чала бүткөн үйлөрдү сүрөткө тартып бүткөндө, аны үйдө 28-майдан бери жашап турган адамдар кармап алышкан. Журналисттин иликтөөгө келгенин түшүндүргөнү аларды муйуткан эмес, фотоаппаратын тартып алышып, депутаттын пайдасына жүргөн адам катары жемелешкен. Гезит редактору журналистти атайын тапшырма менен жибергенин телефон аркылуу ырастаганына көнбөй, редактор Самүдүн Стамбеков келип жагдайды түшүндүргөндө гана журналист бошотулган.

XS
SM
MD
LG