БИШКЕК. Кант цемент-шифер заводуна байланышкан кырдаалды талкуулаган бүгүнкү парламент жыйынында сөз сүйлөгөн депутат Дооронбек Садырбаев өлкөдөгү кайсы тармакта болбосун аталган заводдогудай абал кездешээрин, азыркы өкмөттүн ишине канааттанбастыгын жана мындан ары да ишти жөндөп кетээрине ишенбестигин айтып, президент жана өкмөт өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керектигин белгиледи. Талкууга чыккан башка депутаттар да элдин кызыкчылыгыны коргой албай жаткан өкмөт кызматтан кетиши керектигин айтышты. Заводдун тегегерегиндеги маселени иликтеген депутаттык комиссия март ыңкылабынан кийин мамлекетке кайтарылып, бирок кайра сатылып кеткен 13 пайыз акцияны мамлекетке кайтаруу талабын койууда.