Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Кыргызстандык укук коргоочулар өзбек жаранын өлүм жазасына кескен Жогорку соттун чечимине макул эмес


БИШКЕК. Бейшемби күнү Жогорку сот өзбек атуулу Атабек Ахадовду Кыргызстандагы уйгур диаспорасынын башчысы Н.Базаковду өлтүргөн жана террорчулукка катышы бар деп айыптап, өлүм жазасына кескенин кеээки маалымат жыйынында соттолуучунун адвокаты Нина Зотова менен укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова билдиришти. Адвокат Нина Зотова сотто калыстык болгон жок, тергөөдө Ахадовдун конституциялык укугу бузулуп, кыйноолор болгон деп эсептейт. Өзбекстандагы «Энелер өлүм жазасына жана кыйноолорго каршы» бейөкмөт уюумунун башчысы Дилабор Худайбергенова бул иш боюнча БУУнун адам укуктары боюнча комитетине жана башка эл аралык уюмдарга акыйкат издеген кайрылуулар даярдалып жатканын «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG