Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Оштогу тергөө абагында кармалып турган төрт өзбек качкынынын кийинки тагдыры кандай болоору дале арсар


БИШКЕК. Кыргызстандын баш прокурору Камбаралы Конгантиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, алардын тагдыры мыйзам жолу менен гана чечилип, маселени кароодо эл аралык келишимдер да эске алынат. Баш прокурордун айтымында, учурда маселе иликтенип жаткандыктан азырынча бир жактуу жооп айтууга эртелик кылат. 13-июнда Кыргызстандын Жогорку соту Оштогу тергөө абагында убактылуу кармалып турган төртүнчү өзбек качкынына да качкын макамын берүүдөн баш тарткан чечим чыгарган. Анжиян окуясынан соң Кыргызстанга качып өткөн бул 4 качкын Өзбекстандын Баш прокуратурасынын өтүнүчү менен Оштогу тергөө абагына киргизилген.

XS
SM
MD
LG