БИШКЕК. Алгач долбоорлорду даярдаган жумушчу топтун башчысы Азимбек Бекназаров маалымат берип, долбоорлор дагы толукталаарын, жумушчу топ мүчөлөрү өлүм жазасын алып салуу, президенттн, депутаттардын, соттордун кол тийбестиги сыяктуу маселелерде бир пикирге келе электигин белгиледи. Талкууда жаңы долбоорлордогу сотттордун орду, Конституциялык соттун Жогорку сот курамына кирип калышы бир топ талаш-тартышты, карама-каршы пикирлерди пайда кылды. Талкууга Жогорку Кеңештин спикери Марат Султанов, Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын, айрым саясий партиялардын өкүлдөрү катышты
Мамлекеттик башкаруунун үч ыкмасы боюнча жазылган Баш мыйзамдын жаңы долбоорлору талкууга коюлду