Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

ДОРРИТ ИВЕРСОН : ПСИХИКАЛЫК КЫЙНООНУН ИЗИ ӨЧПӨЙТ


26-июнь Улуттар Уюмунун чечими боюнча уруп-кыйноолордон азап чеккен адамдарды колдоо күнү. Ага байланыштуу Данияда жайгашкан Уруп-кыйноолордон дарылоо жана аны үйрөнүү борборунун жооптуу кызматкери Доррит Ри Иверсон айым “Азаттык” радиосуна интервью берген эле. Борбор жыйырма жылдан бери Данияда баш паанек тапкан жана мурда өз мекенинде уруп-сабоолорго кабылган оорукчан жарандарды дарылайт, ошондой эле уруп-сабоонун кесепеттери боюнча медициналык изилдөөлөрдү жүргүзөт.

“Азаттык”: Сиздердин борбор кимдерди дарылайт? Алар кайсы өлкөлөрдөн келишкен?

Д. Р. Иверсон: Борбор 1980-жылдардын башында алгач түзүлгөндө көбүнчө Түштүк Америка, Аргентина жана Чилиден келген адамдарды дарылачубуз. Алардын көбү бул өлкөлөрдөгү аскерий диктаторлук режимден качып келишкен болчу. Азыр жагдай өзгөрдү. Уруп-кыйноону баштан кечиргендердин көпчүлүгү Ирактан, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн, Ооганстандан жана Ирандан. Мурдакы Югославия жана Африка өлкөлөрүнөн келгендер да учурашат. Бирок, алардын көбү жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн.

“Азаттык”: Уруп-кыйноонун да түрдүү формалары бар. Сиздин тажрыйбаңызга караганда, физикалык жараатты дарылоо кыйынбы же психологиялык жарааттыбы?

Д. Р. Иверсон: Бизге кайрылгандардын көбү Данияда узактан бери жашап, кадыресе турмуш өткөргөн, бирок баштан кечирген уруп-кыйноолордун таасиринде жүргөн адамдар. Алардын көпчүлүгү оболку кайсы бир окуядан улам кечирген уруп-кыйноолордун баарын кайрадан эсетешип кыйналгандар. Аларды психологиялык дарылоо өтө маанилүү. Биз байкаганга караганда, физикалык кыйноонун азабын мезгил өзү дарылайт.

“Азаттык”: 2001-жылдын 11-сентябрында болгон чабуулдардан кийин, өзгөчө, Кошмо Штаттарында, уруп-кыйноо деген эмне, аны актоого болот деген талкуулар күч алды. Эл аралык коомчулук президент Жорж Буштун администрациясын Гуантанамо лагеринде туткундарды кармоо шарты, ошондой эле террорчу деп шектелген адамдарды коопсуздук кызматтары уруп-кыйноолорду колдонгон өлкөлөргө өткөрүп берүүсү үчүн сынга алынды. Дүйнө өлкөлөрү уруп-кыйноолорду токтотуу үчүн жетиштүү иш- чараларды жасадыбы?

Д. Р. Иверсон: Арийне, 11-сентябрь окуяларынан кийин уруп-кыйноолорду токтотуу өнөктүгү олуттуу тоскоолдуктарга кездешти. Мурда түрдүү өлкөлөр кыйноону токтотуунун үстүнөн иштеп жаткан жана кыйноолордун аныктамасы боюнча жалпы келишим бар эле. Бүгүн бул бир кыйла татаал иш болуп калды. Биздин кыймыл кысымды сезип жатат. Анткен менен, Дания жана башка көптөгөн өлкөлөр кыйноолорду күн тартибинде кармашууда. Биздин да үмүтүбүз өчө элек жана айрым оң жылыштарды көрүүдөбүз.

“Азаттык”: АКШнын чалгындоо жана аскерий чөйрөлөрүндө, ошондой эле саясатчылар арасында террорчу деп шектелген адамдарды суракка алуу учурунда катаал ыкмаларды колдонуу зарыл, бул кыйноо болбойт дешкендер бар. Башка бирөөлөр дегеле мындай ыкмаларды тыйуу зарыл деп санашат. Сиздин оюңузча, уруп-кыйноону аныктоо кыйынбы? 11-сентябрагы кыйраканыдан улам, анын аныктамасын кайра карап көрүү керекпи?

Д. Р. Иверсон: БУУнун Кыйноого каршы конвенциясы 1984-жылы кабыл алынып, көпчүлүк өлкөлөр кыйноонун аныктамасы менен макул болушкан соң 1986-жылы ал күчүнө кирген. Бүгүнгө карай ал конвенцияны 141 мамлекет бекитти жана аны аткарууга аракет кылышууда. Бирок, азыр кыйноону аныктоону татаалданткан проблемалар бар экени талашсыз. Ал эми биздин борборго окшогон мекемелер макулдашылган аныктама боюнча иштеп жатабыз. Кыйноого каршы конвенцияда уруп-кыйноону актап болбойт деп айтылган. Ошондуктан, биз аныктаманы өзүбүзгө ылайыктыштырчу болсок, эч качан кыйноону токтото албайбыз.

Сүрөттө : АКШнын администрациясы Гуантанамо лагериндеги туткундардын катаал шарты жана аларды уруп-кыйноолорду колдонгон өлкөлөргө өткөрүп бергендиги үчүн сынга алынып келет.

XS
SM
MD
LG