Улуттук электр тармактар компаниясынын башкы директорунун орун басары Ильяс Давыдов Ички иштер министрлигинин кызматкерине 10 миң доллар өлчөмүндө пара берүү учурунда кармалды. Милиция кызматкерине акчаны Давыдов текшерүү иштерин анын пайдасына чечүү үчүн сунуштаган. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан тастыкташты. Ильяс Давыдов учурда убактылуу тергөө абагында кармалып турат. Ага үч күндүн ичинде расмий түрдө айып коюлуш керек.