Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Элдик курултай күзгө которулду


Сегизинчи элдик курултай сентябрь айында болот. Бул тууралуу «Асаба» партиясынын лидери, Жогорку Кенештин депутаты Азимбек Бекназаров 26-июнда билдирди. Анын айтымына караганда, курултайды мурда белгиленген мөөнөттөн которууга Конституциянын долбоорлорун жазып бүткөрүү зарылдыгы себеп болду. Азимбек Бекназаров өз өмүрү үчүн да кооптуулук бар экенин айтып, автоунаасынын эки жолу кырсыкка учураганын эске салды. «Аман болсок курултай сентябрда болот. Аман болбосок, анда ал азыркы бийликтин колунан келген иш болот», деп белгиледи Бекназаров.

XS
SM
MD
LG