Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

КИЧИНЕЛЕРДИН ЧОҢ ПИКЕТИ


26-июнда Бишкектеги парламент имаратынын алдына Түп районундагы «Мээрим булагы» балдар үйүнүн тарбиячылары менен тарбиялануучулары пикетке чыгышты. Алар Ысыкатадагы эс алуу үйүн кайтарып берүүнү талап кылышты.

Оболу иштин чоо-жайы тууралуу эки ооз сөз. Мындан 13 жыл илгери Кыргызстан профсоюздар борбордук комитетинин кызматкери Афанасий Карюгин Ысыкатадагы эс алуу жайын, бассейни менен кошуп менчиктештирип алып, кийин ал Орусияга кетеринде имаратты Түптөгү «Мээрим булагы» балдар үйүнө белекке калтырган. Эс алуу үйүнүн мыйзамды бузуу менен менчиктештирилгенин айтып Кыргызстан профсоюздар борбордук комитети сотко кайрылып, өзүнө тиешелүү менчикти кайтарып алган. Ал менчик «Мээрим булагынын» алтымыш баласынын жайкысын эс алуучу жайы болчу. Балдар үйүнүн жетекчиси Гүлнара Дегенбаева иштин чоо-жайын момундайча түшүндүрөт.

- А бирок аны деген профсоюздар федерациясы бизден талашып үч соттон бери бизди утуп келатышат. Биз ошо профсоюздар федерациясы менен соттор коррупциялашкан, коррупция болуп атат деп ойлоп жатабыз.

Коррупцияга каршы чыккан балдардын өзү кандай ойдо?

- Ысыкатада бассейн бар да, анан ошол биздин бассейинибизди талашып, аны бизге белекке беришкен. Мектеп жок, жарык жок, суу жок.

Балдар үйүнүн тарбиячысы Медина Белекова чөжүрөгөн жаш балдар жалгыз бир адамдын эле колун карап отурушат, алардын эс алуу жайын сот кайтарып бериши керек деген пикирде.

- Баары эле коргоочусуз, энесин карап эле турушат. Булар азыр кимге таянат?

“Икар” майыптар коомунун жетекчиси Бакыт Исаков балдарды колдоо үчүн чыкканын айтты. Миңдеген майып балдар билим албай калышканын билдирди.

- Биз интернатта өскөнбүз. Миңдеген майып балдар окубай калышты.

«Икар» майыптар коомунун мүчөсү Айбек Бешкемпиров ансыз да ата-эне мээриминен алыс калган балдардын маселесин бийлик чечип бериши керек деген пикирде.

Балдар үйүнө берилген эс алуучу жайды ээсине кайтарып берүүдө маселенин адеп-ыймандык жагы сөзсүз эске алынышы керек эле, дейт Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов. Бирок да андай болбой калды.

- Бул иш райондук, облустук соттордо каралып, жанагындай профсоюздардын пайдасына чечилиптир. Мен жашырбай эле ачык айтайын, Жогорку сотко караларда мен айткан элем: «Келгиле, мүмкүнчүлүгү болсо жетим балдарга жардам берели, колдоп коелу». Десем биздеги соттор да ушундай го, мыйзам боюнча чечимге келдик деп коллегияда чечим чыгарып коюшуптур.

Кыргызстан профсоюздар борбордук комитетинин төрагасы Сагын Бозгунбаев профсоюздар балдар үйүнө такай жардам көрсөтүп келатканын, мурда мыйзам бузуу менен менчиктештирилип кеткен мүлктү кайтарып жатышканын айтты.

- Чындай келгенде биздин «Мээрим булагына» эч кандай кинебиз жок. Кыргызстан профсоюздар уюму андай иштерге барбайт да. Балдар үйүнө биздин эч кандай дообуз жок.

Мыйзам бузуу менен менчиктештирилген профсоюздар мүлкү ээсине кайтарылганы менен, артынан 60 баланын илгери үмүт, изги тилеги чаңга басылып кала берди. Жай саратанда эс алуу жайын кайтарып берүү талабын коюп түш оогончо пикетте тургандар менен өкмөт башчы Феликс Кулов жолугушту. Мыйзам талабына ылайык профсоюздук менчик ээсине кайтарылды, томсоргон балдар саратанда парламенттин алдында плакат көтөрүп турушту.

XS
SM
MD
LG