Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

ИРАКТА БАРЫМТАГА АЛЫНГАН ОРУС ЖАРАНДАРЫ ӨЛТҮРҮЛДҮ ДЕП АЙТЫЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Иракта барымтага алынган Орусиянын элчилигинин төрт кызматкери өлтүрүлдү деген кабар 25-июнда тарады. Жана 26-июнда орус тышкы иштер министрлиги дагы ал маалыматты тастыктагандай маалымат таратты.

Анткен менен террорчулар видео аркылуу үч адамдын гана өлгөнүн көрсөттү, алардын бети-жүзү дагы видеодо көрүнбөйт, ошондуктан көрсөтүлгөн адамдар ошолор экенин видео аркылуу такташ мүмкүн эмес.

Орус жарандары Багдад шаарында 3-июнда барымтага алынган. Элчиликтин кызматкерлери дүкөнгө кирип чыгып, кайрадан машинеге отуруп жатканда кармалган, атышуу да чыккан жана бир адам - Виталий Титов - ошол атышуу учурунда өлгөн. Туткунга түшкөн төрт адамдын бири дипломат - элчиликтин үчүнчү катчысы Федор Зайцев, ал эми Ринат Аглиулин деген жигит элчиликтин ашпозчусу болуп иштеген, калган экөө - Олег Федосеев жана Анатолий Смирнов - катардагы кызматкерлер болчу.

Италиялык "Репубблика" деген гезит 26-июнда жазып чыкканга караганда, эгер кимдир бирөө тирүү калса, ал мусулман Алиулин болушу мүмкүн, же жөн гана анын өлтүрүлүшүн террорчулар видеого жазган эмес.

Террорчулар орус өкмөтүнө бир гана талап койгон - Чеченстандагы аскерлер чыгарылып кетүүгө тийиш жана камакка алынган чечен жоокерлерин Маскөө бошотуш керек болчу. Орус өкмөтү илгертен террорчулар менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзбөйт, ошондуктан "Ирактын можахеддер кеңешинин" бул талабы каралган да жок.

Маскөөгө баш ийбеген чечен өкмөтүнүн Батыштагы өкүлү Ахмед Закаев ирактык террорчулардын аракетин сындап чыкты: "Бул - чечен жетекчилигине, Чеченстандын эгемендүүлүк үчүн күрөшүнө, бүткүл чечен элине каршы багытталган орой провокация", - деп билдирди Закаев 26-июнда "Азаттыктын" Түндүк Кавказ кызматына.

Лондон шаарындагы "Джейнс" изилдөө тобунун эксперти Дэвид Хартвеллдин айтымында, Маскөө бул окуядан пайда гана табат жана өзүнүн катуу саясатын дагы күчөтөт: "Кремил муну өз пайдасына айлантат. Анын аракеттери башка мамлекеттер көрүп жаткан аракеттерден айырмаланбайт, алар 'Ал-Каида' уюмунан чыккан коркунуч канчалык болсо дагы, мындай окуяларды өздөрүнүн аскерий жана дипломатиялык аракеттеринин күчөтүлүшүн актоого жумшайт", - дейт лондондук эксперт.

XS
SM
MD
LG