Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

ЖАЛАЛАБАТ : АДАМ УКУКТАРЫНЫН БУЗУЛГАН ФАКТЫЛАРЫ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРУУДА


Жалалабатта адам укугу сакталбаганы тууралу облустагы адам укугун коргоочу «Справедливость» уюму конгуроо какты. Уюм президент менен өкмөткө жана эл аралык мекемелерге билдиргендей, өлкөнүн прокуратура жана күч уюмдары ага каршы максаттуу иш-чараларды жүргүзүүдө. Облустук прокуратура менен ички иштер башкармасы өз кезегинде «Справедливость» уюмунун дооматтарын негизсиз деп четке кагууда. Алардын айтымында, адам укугун коргоочулардын үстүнөн жүргөн жеке тартиптеги соттук талкууга өкмөттүк уюмдардын тиешеси жок.

Жалалабаттык тургун Наргиза Турдиеванын арызы менен «Справедливость» уюмунун басылмасы февраль айында «Аялдарды, кош бойлууларды да уруп жатышат…» деген макала жарыялаган.

Облустук милициянын улуу тергөөчүсү Али Магеев «макала адамдык беделиме шек келтирди» деп уюмдун үч адиси менен Наргиза Турдиеваны Кылмыш Кодексине ылайык жоопко тартууну талап кылып, Жалалабат шаар сотуна арыз жолдогон. 20-июнда башталган сот 21-июнда экинчи баласын күтүп жаткан кош бойлуу аялдын абалы жакшыргыча процессти токтоткон.

Али Магеев алтын уурулугуна байланыштуу ишке күбө болгон Наргиза Турдиева менен 2 мүнөт сүйлөшкөн:

"Турдиева менен сүйлөшүү болгон жок. 2 мүнөт эле сүйлөштүк, себеби адвокат өтүнүч келтиргенде ал бөлмөдөн чыгып кеткен. Адвокат «Наргизанын абалы жаман экен, эмне кылалы дегенинен абалы начар болсо, ооруканага жеткиргиле дедим".

Кош бойлуу жүргөн Турдиева тергөөчүнүн сурагынан кийин ооруканага түшкөн:

« Булар ууру эмес, сен уурусуң, мойнуңа алышын керек деп орой мамиле жасады. Аябай жаман сөздөрдү сүйлөп, акаарат кылды. Көкүрөгүмө түрткөндө курсагым столго тийип, дубалга сүйөнүп калдым.

Адегенде жарандык тартипте, кийин кылмыш кодексине ылайык жүргөн сот “Справедливость” уюмун тынчсыздантууда.Уюмдун белгилешинче, укугу тебеленген адамдарды коргоого өкмөттүк мекемелер кызыкпайт. Улуу тергөөчүнү тартипке чакыруу жөнүндөгү кайрылууну ички иштер министрлиги, прокуратура жоопсуз калтырган.

Уюмдун төрагасы Валерий Улеевдин айтымында адам укугун коргоочуларга мамлекеттик тармактык мекемелер кысым жасоодо:

"Адам укугун коргоо уюмуна каршы атайын максаттагы иш-чаралар көрүлүүдө, анткени, биз менен ички иштер, прокуратура уюмдарынын ортосунда конфликттер болууда. Биз кысым жасоону сезип жатабыз".

Милициянын подполковниги Али Магеев министрлик жана прокуратура уюмдарынын текшерүүсүнө 45 жолу түшүнүк кат жазганын билдирген.

Макаланын автору Абдымалик Шариповдун аныктамасына караганда Наргиза Турдиева ооруканада экспертизадан өткөрүлгөн эмес:

"Биз кайрыла бергендиктен экспертиза он күндөн кийин белгиленген. Он күндө көгөргөн дене эмес, жарат да айыгып кетет. Наргизадан экспертизадан өттүңбү деп сурасак, ал эч ким кызыкпаганын айтты. Эксперттик документке оору баракчасынан көчүрүп коюшкан".

Облустун прокурору Абдыбакыт Халмурзаев жеке тартипте соттошуп жаткан адам укугун коргоочуларга кысым болбогонун маалымдады:

"Справедливость деген уюмга укук органдан эч кандай кысым кылган жери жок. Бул жерде Магеевдин өзүнүн жеке тартиптен сотко кайрыла турган укугу, ал эми укук органдарынын, же прокуратуранын тиешеси жок" – деп айтты Абдыбакыт Халмурзаев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG