Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

ФУТБОЛ -2006. ДҮЙНӨЛҮК МЕЛДЕШ. КЫРГЫЗСТАНДЫК КҮЙӨРМАНДАРДЫН ПИКИРЛЕРИ


Учурда эки кишинин башы бириксе эле кеп кылганы футбол.Күн өткөн сайын футбол боюнча дүйнөлүк таймашуулары да курчуп баратат. Бүгүн, 27-июнда кечинде Германияда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын сегизден бир финалдык таймашууларына Бразилия менен Гана жана Франция менен Испания өлкөлөрүнүн командалары чыгышат. Көгүлтүр экран аркылуу дүйнө чемпионатына кыргызстандык күйөрмандар да назар салышууда.

Футбол боюнча 18 - дүйнө чемпионатында ат салышкан командалардын мыктылары иргелеп сегизден бир финалда күч сынашып жатышат. Чейрек финалда Германия менен Аргентина, Италия менен Украина, Англия менен Португалия беттешмек болушту. Кечээ кечинде болгон Италия менен Австралия жана Швейцария менен Украинанын бетешүүлөрү көңүлгө толбогонун кыргызстандык күйөрмандар белгилешти. Айрыкча италиялыктар начар ойногонун да айтышты. Украинаны ийгилик жылоолоду.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын айтымында Украина эми чейрек финалда Италияны утуп жарым финалга чыгышы мүмкүн. Ошондой эле айрым күйөрмандар испаниялыктар француздарды утаарына ишенип турушат. Африканын Гана өлкөсүнүн футболчуларынын жылдызы жанып турганын, алардын бразилиялыктарды жеңип алуусун каалаган күйөрмандар да арбын.

Германиядагы дүйнөлүк кубокто кимдер алдыга чыгат, байгени кайсы өлкөнүн футболчулары жеңиши мүмкүн? Оюндардын деңгээли кандай болууда?
Мына ушундай суроолорго кыргызстандык футбол күйөрмандары өз пикирлерин билдиришти.

Самат: "Бразилия беш жолу дүйнө чемпиону болушкан, ошондуктан алар кайрадан алтынчы ирет чемпиондугун сактап калууга аракет кылат. Германия финалда аларга утулат".

Кайрат: "Финалга Бразилия менен Португалия же Бразилия менен Германия чыгышы мүмкүн. Европа өлкөлөрү бул жолу да намысты колдон чыгарбоого аракет кылышат".

Топчубек: "Бул жолу да бразилиялыктарды ганалыктар утса деп тилеп турам. Бул окуя сенсация болот эле. Баш байгени германиялыктар жеңип алаарына ишенем".

Дүйнөдө футбол эң таасирдүү рухий күчкө ээ болуп, мамлекеттерди ар - намыска чакырып турганын Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов белгилдеди:

"Футбол чоң саясатка, улуттук рухий күч- кубатка айланып калды. Сүрөт тартып, ыр жазып, обон чыгаруудан футболдун азарты, кумары күчтүүлүк кылып баратат. Ал түгүл бизнеске айланып, дүйнө жүзүн арбап алды. Футбол намысты туу кылуу үчүн, жаштардын духун көтөрүү үчүн керек".

Азырынча бомбардирлердин сабын германиялык чабуулчу Мирослав Клозе 4 топ менен баштап келатат.

Быйылкы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү Европа өлкөлөрүнүн командаларынын бирөө болушу мүмкүн экенин, Африка өлкөлөрүнүн футболдук деңгээли өскөнүн күйөрман Нурбек Карыбаев айтты.

"Айрыкча Африка өлкөлөрүндө да футбол өтө тездик менен өнүгүп баратат. Алар чеберчилиги боюнча европалыктарга тенелип калганын чемпионаттын оюндары айгинелеп койду. Мен өзүм Украинага күйөрман болуп, ийгилик каалап турам, алар ишенимди актап жарым финалга чыгуусу да ыктымал".

Кыргызстандык футбол күйөрмандардын алды Германияга камынып жөнөгөнү жатышат. Алардын катарында Жогорку кеңештин депутаттары Аскар Салымбеков, Мелис Эшимканов, футбол күйөрмандары Улукбек Салымбеков, Рысбек жана Райымбек Мааткабыловдор, Табылды Эгембердиев жана башка ысымдарын атабоону сурангандар бар.

Кыргызстандан жалпысынан сексенден ашуун күйөрман дүйнө чемпионатына 250 билет алышкан.
Бразилиялыктар дүйнөнүн беш жолку чемпиону болсо дагы бир да жолу Европада өткөн чемпионаттарда жеңишке жетишпей арманда жүрүшкөнүн да эскертип, айта кетели.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG