Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

АЗИМБЕК КАБАТЫРЛАНАТ, КАЛЕН ТЫНЧСЫЗДАНАТ, КЫТАЙ КОРКУНУЧУ, ЛУЖКОВДУН ЖЫЛЫБАГАН ЖҮРӨГҮ


27-июндагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун 2-июлга белгиленген курултайы жана Конституциялык реформа туурасында билдирүүсү, Москва мэри Юрий Лужковдун кыргыз жергесинде болушу тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

Бүгүнкү «Агымдын» баш сөзү «Ата журттан алыс кетсең, жакшы түшүнөсүң» деген кино жана театр артисти Айтурган Темированын сөзү болду.

«Агым» гезити Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров кечээ журналисттерди жыйнап, 2-июлга белгиленген Курултай жана Конституциялык реформа туурасында кыскача билдирүү жасаганын маалымдайт. «Менин үстүмдөн пиар компанияны баштады. Өзгөчө түштүк жергесинде. Ал мындан да күчөйт. Аман болсок, 1-сентябрь күнү ушул Жогорку Кеңештин басма сөз залынан курултай кайсы датада өтөрүн так айтам. Кокус ага чейин аман болбой калсам, ушул бийликтин жасаганы деп билгиле» деген Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров.

Өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмери Кален Сыдыкова кыргызга чыккынчылык кылган маңкурттар, чолок саясатчылар көбөйгөнүн айтып, «өзбектер тилине статус алып алышса, эртең чамгарактап Кыргызстандан өзбектер автономия бергиле деп сурамакчы. Минте берсе, түштүктү Карабах оту каптабайт деп ким кепилдик бере алат. Кыргызстандын түштүгүн Өзбекстанга кошуп алуу аракети алдын-ала атайын жүрүп жатат» деген пикирин билдирген журналист Кален Сыдыкова.

«Агымга» берген маегинде өлкөнүн экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Кытайдан ири инвестиция келээрин, биргелешкен ишканалар ачылаарын, алар Кыргызстандын алтынына кызыгып жатышканын айткан. «Дүйнөлүк практикада адатта кытайлар барган жеринен оңой менен чыкпайт. Буга карата сөзсүз катуу, кечиктирилгис чараларды көрүү керек. Коркунуч бар. Бирок Кытайдын жардамы керек»- дейт министр Акылбек Жапаров.

«Кыргыз руху» гезити «Кур аякка бата жүрбөйбү?» деген фотоколлаж берип «Либерманга алданган Данияр Үсөнов парламенттин «көзүн жазгырып» кетти. Бирок депутаттар Ишенгүл Болжуровага ишенишкен жок» деп маалымдаган.

«Бүгүн цементтин баасы 230 сом болуптур. Бул дүң баасы. Аскар Акаевдин 14 жылдык башкаруусунда цемент 50 сомдон 150 сомго чейин гана көтөрүлгөн. Курманбек Бакиевдин учурунда бир жыл ичинде минтип Акаевдик рекордду басып өтүп, караандатпай кетти. Дагы канча рекорд жасайт белгисиз. Цементтин баасы көтөрүлгөн сайын эл президенттин уулу Маскимди жаман көрүп, каргап жатышат» деп жазат «Кыргыз руху» гезити.

Ушундай эле «Кыргыз руху» гезити аркылуу журналист Үсөн Касыбеков «Кыргыз революциясын куудул-маскарапоздор жасаштыбы? деп суроо коюп, жооп издейт. «Баарынан өкүнүчтүүсү, опурталдуусу 24-марттагы кыргыз революциясы Турсунбек Акун, Топчубек Тургуналиев, Нурлан Мотуев, Жеңишбек Назаралиев өңдөнгөн «куудулдар» тарабынан ишке ашканында жатат. Чын-чынына келгенде революциянын «локомотивдери, кочегарлары Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Үсөн Сыдыков, Курманбек Бакаевдер кланы деле тигилерден артык эмес. Деги эле «куудулдардын революциясы» жакшылыкка алып бараарынан чоң күмөн бар» деп какшык жылдырат журналист Үсөн Касыбеков.

“Аалам” гезити быйыл жылдын башынан бери Бишкекте 4169 кылмыш катталганын,былтыркыга салыштырмалуу быйыл кылмыштуулук азыраак катталганын, бирок, адам өмүрүнө кол салуу боюнча 32 факты катталып, ушул күнгө чейин сегиз кылмыштын бети ачылбай келканын маалымдады.

«Москванын мэри Юрий Лужков келет деп кыргыз бийлиги катуу даярданып, өзгөчө Бишкектин мэри А.Ногоев баягы раматылыгы болгон СССР кезинде Москвадан БКшник келатат десе жол тазалата берип суй жыгылгандай "салтты" эстеп, көчө шыпырта берип нечен чий шыпыргыга "банкрот" болуп күтүштү эле. Юрий мырза келди да эки күн толук болбой "Көрүнүп коюп жок болдуң, булуттан чыккан айга окшоп" - дегендей келгенинен кеткени бат болду.

Юрий Лужков келет десе миллиондогон инвестиция ээрчий келет дешип жалдырап күткөн кыргыз бийлигинин тилеги сөздүн түз маанисинде "таш капты".

"Үч күн кайыр сураган адамдан түңүл. Ал түбөлүк кайырчы" дегендей. Бизге баш баккан эле кишиден "кайыр" үмүт этип, оозун, чөнтөгүн карап көнүп калган адатыбызга Юрий мырза оозго ургандай эле мамиле жасады.

"Москва үйүнүн" архитектурасын да, жайгашкан жерин да жактырбай "мурдун чүйрүп" койду да "идеяңар жакшы, дагы иштегиле", - деп кол шилтеди. Бир тыйын бөлөөр - бөлбөсү жөнүндө сөз айтпады.

Тамчы аэропортун "талаада экен" - деди. "Пайда көрөм деген инвестор болсо көрөлү", - деп гана койду.

Айланып чуркап жанынан чыкпаган премьер-министрибиз Ф.Кулов да, орус тили бизде расмий тил экендиги да Лужковдун "деловой" жүрөгүн жылыткан жок»,- деп жазат «Ааламдын» кабарчысы Бакай Чилтегин.

Ушул гезиттин кабарчысы Замира Муратбекова Талас облусунун губернатору Жусупжан Жээнбеков менен маектешкен. Анда Конституция долбоору, стабилдүүлүк, оппозиция, улуттук телевидение, ыңкылап, Талас облусунун экономикасы тууралуу кеп болот.

«Оппозиционерлер деле эл эсебине кирет. Талаптарын айтыш керек. Бирок, кандай масштабда? Конкреттүү сунуштар болуш керек. Кандай болгондо өнүгүү болот? Анан ошо сунуштардын аткаруусун талап кылыш керек»,- деген губернатор Жусупжан Жээнбеков.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG