Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:14

ЭЛДИК ИНТЕРНЕТТИН ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНДЫ


Биз телевизордон программада эмне болсо, ошону гана көрөбүз, ал эми интернеттин өркүндөшү менен теле-редакторлордун диктатынан кутулуп, каалаган видеобузду каалаган убакта көрө алабыз. Болгондо да мээни ачыткан реклама болбойт! Албетте бул үчүн тез иштеген интернет байланышы керек, ал эми зарыл программаны интернеттен бекер көчүрүп аласыз. Ушундан улам бүгүн интернет видеосу жаздагы козудай жамырап баратат. Бул өрнөктөн кыргыздар да четте калбаганын Жаңыл Жусубжан тактап билди.

Интернеттен "YouTube.Com" деген сайтка кирсеңиз каалаганыңыздын баарын табасыз. Мында күнүгө төгөрөктүн төрт бурчунан 70 миллион киши болот. Бирок туура жарыктандыруу же үндүн сапаты сыяктуу өндүрүш стандарттары маанилүү деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Мен, мисалы мышыктын жаңы көз жарган мөмөлөйү эми басып жаткандыгы тууралуу 15 секунддук видео-тасманы көрсөм, дивандын үстүндө жыгылып-туруп, томолонуп жүргөн бала мышыкты жөнөкөй камера менен эле үйрөнчүк бирөө тартып коюптур. Ошого карабастан, бул тасманы 156 миң 531 киши көргөн.

Ал эми америкалык 20 жаштагы секретарь кыздын үйүндө ары-бери жүргөнүн, кыңылдап ырдап, бакма күзөнү менен бийлеген тасмасын 1 миллион 700 миң жолу көрүшкөн!

Америкалык "Уаед" журналынын редакторунун орун басары Брооктун айтымында , жаш секретар кыздын видеосунан мурда Нума, Нума деген перформанс коюлган. Америкалык семиз бала молдавиялык топтун музыкасына тердеп-кургап бийлеген бул видеону 12 миллион киши көргөн.

Азырынча, Ютюбдун көрөрмандары жана катышуучулары - 18ден 24 жашка чейинки жаштар. Британиялык "Файнэншл Таймс" гезитинин жакында жазышынча, Ютюбдун аудиториясы МТВден да көп. Бирок андагы филмдердин баары эле Батыштан эмес.

Биз жактан казактар айрыкча активдүү сыяктанат. "Астана" деген мамлекеттик рекламдык ролик, белгилүү этно-рок тобу "Үркөрдүн" видеосу жана башка ар кыл тасмалар бар экен. Алардын бири "Казак стилиндеги көчө мушташы" деп аталат, Алматыда тартылган видеодо 5-6 бала уурдалып кеткен чөнтөк телефондун айынан мушташып жатышат. Албетте чындап эмес, тамаша үчүн гана.

Кыргыздар да четте калбаптыр, "Жолугаарым билгемин", "Кыргыз жери", "Кыз бурак", "Марихуана" жана башка видеолор бар. Азыр мына мунусун ачып көрөлүчү, "Тамашакөй кыргыз" дейт, мында эки кыз, бир жигит дубалга чоң сүрөт илинген бөлмөдө бийлеп жатышат.

Бул видео болгону 9 көз ирмемге созулат, аны 595 жолу көрүшүптүр.

Дагы бир сайтта Беларуста бирөө шайлоо күркөсүндө добуш берип жаткан учурду тартып алган. Бул видеону 9 миң киши көргөн.

Интернет видеосунун мүмкүнчүлүктөрүн айрыкча саясаттагы активисттер кош колдоп кабыл алышты. Николас Ревил – Массачусетс штатындагы Демократия корунун тең-төрагасы:

"Интернет сыналгысынын телевидение, видео сыяктуу бүгүнкү күндүн эң маанилүү массалык каражатын бардыгына ачып берүүгө даремети бар. Интернетте ошол эле Ютюб сыяктуу сайттар белгилүү деңгээлде миңдеген, миллиондогон адамдарга айта турган сөзү бар ар бир кишиге өз оюн иш жүзүндө бекер жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Чынында да, мүмкүнчүлүктөр көп, мисалы кыргыздардын көбү айыл жергесинде жашайт. Бирок эгер алыскы тоодогу айылда тез иштеген бир эле интернет түйүнү болсо, ал айылдын тургундары каалагандай видео тартып, өздөрүн бүт дүйнөгө тааныта алышат!

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG