Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 01:38

«Кара Айбек» Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга которулду


БИШКЕК. «Кара Айбек» деген ат менен таанылган кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Айбек Мирсыдыков Бишкек шаарындагы убактылуу кармоочу жайлардын бирине жайгаштырылды. Ички иштер министри Мурат Суталиновдун билдиргенине караганда, бул жерде анын психикалык саламаттыгы текшерүүдөн өтөт. Бир күн мурда бир катар депутаттар Мирсыдыковго чара колдонбой жатат деп ички иштер министрин кескин сынга алышкан. Мирсыдыков буга чейин ал Кызылжар психикалык ооруканасында жаткан.

Бурул Сарыгулова

XS
SM
MD
LG