БИШКЕК. Кыргызстандык бир жаран Чехияда мыйзам бузду деген кине менен сот жообуна тартылып, дагы бири камакта отурат. Бул тууралуу кыргызстандык акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен Венадагы жолугушууда элчи Рина Приживойт билдирди. Анын айтымында, акыркы алты ай ичинде австриялык, чехиялык кызматтар кыргызстандык алты жарандын паспортторуна, визаларына байланыштуу доомат койгон. Мындай маалыматты Кыргызстан акыйкатчысынын Европага иш сапарынын жыйынтыгы боюнча анын басма сөз кызматы таратты.