Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТАРЫ ЭС АЛУУГА КЕТИШТИ


Аманбек Жапаров,Бишкек Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында бир катар мыйзам долбоорлору кызуу талкууланып кабыл алынды. Айрым мыйзам долбоорлору күзгө жылдырылды. Кыргыз-казак союздаштык мамиле тууралуу келишимдин ратификацияланышы кабыл алынган документтердин маанилүүсү болуп калды. Бүгүн парламент депутаттары эки айлык эс алууга кетишти.

Депутаттар эки айлык эс алууга кетер алдындагы отурумда бир катар мыйзам долбоорлору талкууланып кабыл алынды. Алардын маанилүүсү Кыргыз-казак союздаштык мамиле тууралуу келишимди ратификациялоо болду. Айрым мыйзам долбоорлору күзгө жылдырылды. Депутат Өмүрбек Бабанов «дем алуудан кийин отурумга отузга чукул депутат катышып, кырк бештен ашуун депутаттар добуш берип атат, ошондуктан отурумду токтотуу керек» деген сунушун айтты эле, төрага анын сунушун колдогон жок. Коомчулукта парламенттеги 74 депутаттын жыйырма, жыйырма беши эле жигердүү иштеп, калгандары олуттуу мыйзамдарды талкуулоодо чабалдыгын көрсөтүүдө деген пикирлер да бар. Депутат Акматбек Келдибеков мындай пикирлерге макул эмес. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш бир жылдан ашуун убакытта жигердүү иштеп бир нече маанилүү мыйзамдарды кабыл алышкан.

Каракол шаарынын тургуну Ырысалы Молдоусуповдун көз карашында:

- Депутаттар «саны бар, сапаты жок» дегендей эле болуп атат. Ошол 75 депутаттын ашып кетсе он беш, жыйырмасы эле активдүү иштешет. Калгандары жөн эле добуш берип отурушат. Телевизордон көрүп эле атпайбызбы,-деди Ырысалы Молдоусупов.

Ал эми парламент төрагасы Марат Султанов болсо бир жылга сунушталган 406 мыйзам долбоорунун 380ден ашууну кабыл алынганын билдирди. Айрым саясатчылар парламент отурумуна бир дагы жолу катышпаган депутат Айдар Акаевдин, белгисиз себептер менен чет өлкөдө жүргөн депутат Мурат Малабаевдин маселесин чечүүдө Жогорку Кеңеш чабалдык кылды дешүүдө. Ошондой эле коомчулукта айрым депутаттар маанилүү бир мыйзам долбоорун кабыл алууда белекке «акча» алышат экен деген да пикирлер бар. Буга «Комсомольская правда» гезитинин 29-июндагы чыгарылышындагы «Кубатбек Байболов: В парламентте торгуют голосами» деген журналист Данияр Каримовдун да макаласы себеп болду. Бирок депутат Кубатбек Байболов журналист аталган макаланы бурмалап жазганын, депутаттарды пара алат, деп айтуудан алыс экендигин билдирди:

- Ал журналист менен коомдогу болуп аткан нравалык баалуулуктардын девольвациясы тууралуу маектешкен элем.Бирок ал бурмалап жазып депуттатарга такап салыптыр. Мен коллегияларым тууралуу антип айта албайм,-деди Кубатбек Байболов.

Бүгүнкү отурумда депутаттар маркум Баяман Эркинбаевдин ысымын түбөлүк калтыруу боюнча да мыйзам долбоорун кабыл алышты. Эскерте кетүүчү жагдай, былтыркы жылы депутаттар Баяман Эркинбаев менен Жыргалбек Сурабалдиев жалданма киши өлтүргүчтөрдүн колунан каза тапса, депутат Тынычбек Акматбаев абактарды кыдыруу маалында №31- колонияда кылмышкерлердин колунан набыт болгон. Укук коргоо органдары бул иштер иликтенип-тергелип аягына чыгат деп келишүүдө. Ал эми коопсуздук жана коргонуу комитетинин жетекчиси депутат Рашид Тагаев жогорудагы кылмыштардын бети ачылбайт деген ойдо:

- Көз жетип калды, ал кылмыштар ачылбайт. Биз алты жолу комитетте карадык. Укук коргоо органдарына ошол депутаттардын өлүмүнүн себептерин, кылмышкерлерди кармоо сыяктуу маселелерди койгонбуз. Бирок эч кандай натыйжа чыга элек.

Ошентип бүгүнкү акыркы сессиянын соңунда Кыргыз Республикасынын гимни ойнолуп, Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулга кетишти.

XS
SM
MD
LG